Menu

Азимбек Бекназаров: “Атамбаев жаздан аман-эсен чыгып алса, күзгө кыйналбай жетет…”

Бөлүшүү:

-Азимбек агай, адвокаттык кеңсеңизде, бийликти алуу жөнүндө камданып, пландадыңар беле?

 -“Эл үнү” кыймылы чакырган жыйында бийликти басып алуу тууралуу сөз болгон эмес. Кадыровдордун сүйлөшкөн аудио записине эч кандай тиешебиз жок. Алар өздөрүнчө бөлүнүп,  кетишкен. Бийлик чоочулап камай салгыдай алардын “бийликти басып алабыз” де­ген командасы түгүл, өздөрүнөн башка эч кимиси деле болбосо керек.

Камакка алынган опиозиционерлерге адвокат болуудан баш тарттыңызбы?

 -Тарткан жокмун. Мага эч ким “адвокат болуп бер” деген да жок. Сыягы, бул маалыматты да бийлик чыгарып жатат окшойт. Бектурдун бир тууган иниси келип, “неге адвокат болуудан баш тарттыңыз”- дейт. Мага эч ким кайрылбаганын, кимдин адвокат болоорун мен эмес, Бектур өзү чечээрин айтып, кеңешимди берип, камап жибере албасын, кылмыштын негизи жок болгондуктан, бийлик бошотууга аргасыз болоорун айттым. Ошондой эле “Атамбаев эптеп жаздан чыгып алса эле бошотот” дедим. Себеби, Атамбаев жаздан аман-эсен чыгып алса, күзгө кыйналбай жетет. “Элди уюштуруп, тополоң уюштуруп жибербесин”- деп ушул окуяга барганын айттым.

Аудио записти негиз кылып, камагандын өзү акылга сыйбаган иш экенин айткандар четтен чыгып жатат. Эми бийлик укуругу жеткендин баарын ушундай ыкма менен камакка алабы?

 -Эми “коркконго кош көрүнөт” болуп жатат ок­шойт. Сүйлөшсө үч же беш адам сүйлөшүп койгондур. Азыр тойканаларда, чайканаларда Атамбаевден баштап, өкмөт, акимге чейин жана биз жөнүндө элдер эмнелерди гана сүйлөшпөйт. Ошонун баарын кылмыш деп камай бере турган болсок, Кыргызстанда эл калбай калса керек. Көчөдө эмне деген гана сөз болбойт. Биз сүйлөгөн сөздөн да катуурак сөздү президент ме­нен Бабанов деле сүйлөп жатпайбы. Президент ушундай саясат жүргүзө берсе, эл өзүнөн-өзүкөтөрүлөт. Анткени, алдыга, бийиктикке келечекке умтулбай деңгээлибизди түшүрүп  баланча минтип айтты, түкүнчө тигинтип айтты, аны камаш керек” деген нерседен өйдө боло албай жатабыз. Кыскасы, аудио запистерди мамлекеттик телеканалдан жарыялай берип, эл аралык аренада уят болуп жатабыз.

Азыркы бийлик мурункулардын жолу менен бара-абы же андан да аша чаап кеттиби?

 -Алар деле ушиндай иштер менен алек болчу. Би­рок, буларчалык деңгээлге түшчү эмес. Айтайын дегеним, телевидениден монтаж кылып алып беришкен эмес. Оппозиция ачык сүлөшүүгө чакырып жатсак да, телевидениеге бизди жолотпой, өздөрү каалаган сүрөттү  коюп, шылдыңдап жатышат. Куудулдарга сүйлөтүп жатабы же өздөрү туурап сүйлөп жатабы аны биле албай жатабыз. Кыскасы, буларды Кудайга койдук. Биз “Ошко курултай өткөрөбүз” дегенде аудиозапистерди жарыялашты. Келип, столдордун түбүн карасак “жучоктор” бар экен. Бүгүн УКМК менин адвокаттык кеңсеме жучок коюп жаткандан кийин биз кантип укуктук мамлекетте жашайбыз деп айтабыз.

Балким, ал нерсенини баары “оппозиция биригип кетет” деп курултайды болтурбаш үчүн жасалгандыр…

 -Мүмкүн. Анткени, булар Курултай дегенде коркуп кетишти. 3 миңдеген аскерлерди жана чек  арачыларган барганда, “оппозицияны кайтаргандан көрө чек араны кайтарбайсыңарбы?”- дедим. Президентке дагы “бизди таш бараң кылгыча чек арадан ашып келе жаткан өзбектердин куралдуу күчтөрүн ташбараңга албайсыңарбы?”- дедим пресс- конференцияда. Эгер бийлик бизден анчалык корксо мени менен Атамбаев же Сариев теледебатка чыкпайбы. КТРдин кабарчы кызына “24 кж” маалымат жыйынында менин сүрөтүмдү койгондон көрө мени сүйлөтүп алып, президентке алып барып берчи дедим. “Аны мага эмес, Илим Карыпбековго айтпайсызбы” дейт. Колубузда бир гезит, радио, теле же сайт бол­босо каалагандарын кылып жатышат да. Ошол жыйынды жок дегенде НТС чагылдырат го деп ойлосом, Бабановдун акыл үйрөтүп сүйлөгөнүн көрсөтүштү. Мен ушул саясатчыны “прогрессивдүү жигит” деп ойлочумун. Өкүнүчтүүсү, баягы эле адатын таштай элек экен. Айдардын, Максимдин алдында кандай болсо, бүгүн деле өзгөрбөптүр. Бул оңолбойт экен. НТСтен “кечээ шайлоого келип, утуп алсын” деп акыл үйрөтуп с үйлөдү. Биз Бабанов менен теңеле албайбыз. Кыргызстанда андай бай партия жок. Бабанов менен теңтайлашып, президенттин колтугуна кире турган да шылуундук, подхалимдик жайыбыз жок. Аны менен кантип теңтайлаша алат элек. Анткени, ал Акаевдин, Бакиевдин убагында дагы байып, көп нерсени ээлеп алган.

Бийликтин укуругу сизге да жетип, сизди да камоо аракети көрүлсө не кыласыз?

 -Бийликтин бардык аракеттери мага каршы жасалып, ал тургай президент баш болуп, сүйлөгөн сөзундө мени кошуп жатпайбы. Камакка алынган оппоз ционерлердин бирөө жарымын мага каршы көрсөтмө бердирүүгө аракет кылышууда. Бирок, азырынча колдорунан келбей жатат. Болгону, мен өткөргөн курултайда бийликке катуу сын айтылып, талаптар коюларын билдип ушундай жагдай жаратып жатышат. Айтайын дегеним, менин кеңсемде болгон жыйында бийликтегилер шекеттеп жаткандай бийликти басып алууну эмес, “үчүнчү революцияны токтоткула. Басып алабыз деген сөз чыкпасын. Эки жолу революция кы­лып көрдүк. Эми тынчтык жол менен чогулуп, бийлик­ти кокодон алалы. Батукаевди эмне үчүн чыгардың? Эмнеге мародёрлук иш аягына чыкпайт? Эмне үчүн улутташтырылган объектилерди ээлеп алдыңар деп жыйын кылып, бийлик элге отчёт бериши керек. Ант­кени, мен көтөргөн маселелердин баары революциянын талабы. Бийликтин ишине баа бериш, талап кылыш биздин конституциялык укугубуз”- дегем.

30-мартта аянтта өтчү митингде эмне башкы маселе болот?

 Чек ара маселесине байланыштуу курултайды токтотконбуз. Чек ара тынчып калганда Ошто өтө турган курултайды парламенттин алдына өткөрөлү деген чечимге келдик. Анткени, Аксыдагы Унгар Too боюнча  өкмөттүн чечимин көрдүк. Аксы районунун депутаттары, Аксы коому “Унгар Тоону ким Өзбекстандыкы деди, аны кайсыл документке такап айтышканын парламент тактап берсин, өкмөттүн  ошол чечимин жокко чыгарып, күнөөлүүлөрдү жазаласын” деген максатта ачык угуу өткөрөлү деп жатабыз. Ошондой эле чек арага Өзбекстандын куралдуу күчтөрү, аскердик техникалары кирип келгенде Өкмөт каякты карап отурду. Алар өздөрү чыгып кеткенче чыгарууга аракет кылышкан жок. Өзбектер чек арапы бузуп киргени үчүн  неге чек ара башчысына чара көрбөйт. Мына ушул маселелерге жооп алууга аракет кылабыз. Парламентке талап коебуз.

Булак: “Майдан. кж”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: