Menu

Астанада кар менен кошо асфальт дагы “кетип” жатат

Бөлүшүү:

Жаздын келиши менен Астана көчөлөрүндө кыймылдын ылдамдыгы азайды. Кар эрип, аң-чуңкурлар көрүнүп калды.

Полиция жол тыгындарын ирээтке келтире албай убара болуп жатканда, тазалык кызматкерлери ысык аба ырайына нааразы. “Эгер аба ырайы мурдагыдай, ноябрдан тарта марттын ортосуна чейин 30 градус төмөн болуп турганда, албетте мындай болмок эмес. Температуранын кескин өзгөрүшүнөн улам жолго төшөлгөн үстүнкү катмар бузулууда. Үч жылга чыдагыдай кылып аң-чуңкурларды ремонт кылабыз”, -деп актанды Астананын Автомобиль жолдор башкармалыгынын курулуш жана ремонт бөлүмүнүн жетекчиси Аскар Исаков.

Айтымында, буга кошумча борбордун жолдору 600 унаанын өтүшүнө гана ылайыкташтырылган. Азыр болсо машиналар алда канча арбын.

Айдоочулар унааларына канчалык кылдат мамиле жасаганы менен Астананын бардык аң-дөңгүлүн буйтап өтүү мүмкүн эмес.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы 65 чакырым жол оңдолгон. Алардын ичинде борбордук көчөлөр дагы бар. Бул жылы казак калаасынын бир дагы магистралын капиталдык ремонттон өткөрүү максатталган эмес. 23 көчө гана үстүртөн оңдолот. Негизги бөлүгү жамаачыланмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: