Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын болуп, анда Өзгөчө абал киргизүү жөнүндө маселени карап жатат.
Буйруктун негизинде Бишек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби киргизилет.
Өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилет. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.
Бүгүн, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.
Анда өзгөчө абал киргизиле турган аймактарга кимдер комендант болору дагы айтылганю
Президенттин Жогорку Кехештеги өкүлү токтомду колдоп берүүнү суранды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ