Menu

Бабановдун артка чегингени илгери үмүттөргө суу септи

Бөлүшүү:

Буга чейин чет жерде бозгунда жүргөн Өмүрбек Бабанов өз эрки менен фракция лидеринен кетиши кө-өп суроолордун жандырмагын ачкандай болду. Шайлоодон кийин ага оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголгон эле, дагы да кошумча айыптар тагылары каңкууланып аткан. Дал ушундай кырдаалда Бабанов артка чегинип, качан келерин айтпай, командасына бүдөмүк ой таштаганы РАЖды ич ара бүлгүнгө учуратып, натыйжада, фракция лидерлигине бийлик өзү каалаган депутатын шайлап алууну көздөп турган чагы. Ооба, бүгүнкү күндөгү Бабановдун тагдыры аянычтуу, бийлик тарабынан кысымдар башталды, командасы чачырады. Негизи кыкеңдер ооматы келсе кошомат кылышат, үзөңгүдөн бут тайса төөбастыга алышат. Бул көрпенделик мыйзам экен, кайсы доор болбосун ушундай… Эми ток этерине келсек, Бабанов фракциясын бийликке алдырса, анда ошол бойдон саясый карьерасына чекит коюлат. Мындай жагдайда ал келип, козголгон кылмыш иштеринин алкагында түрмөгө жаткысы келбейт. Мелис Мырзакматов сыяктуу «турист» болуп жүрө бериши болжонууда.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: