Menu

Марсбек Кадыров: “Биздин үй-бүлөөгө берген “Апрель баатыры” күбөлүгүн жана төш белгисин Атамбаевдин өзүнө конвертке салып берип жиберемин, өзү тагып алсын”

Бөлүшүү:

“Чындыкты айтып, чындыкка тике караш керек, биз Бакиевдердин доорунда Алмаз Атамбаевди колдоп корчулап жүргөнбүз. Атамбаев, “саманканага” качканда үйүбүзгө киргизип, төрдөн орун бергенбиз. Ошол убакта Атамбаевди колдогонубуз үчүн жалпы кыргыз элибизден кечирим сурайбыз. Көрсө, биз жаңылышкан экенбиз. Менин азыркы акылым болуп, Атамбаев артын карабай кеткенин билгенде, үйдө эмне кылганын баарын тасмага тарттырып коет болчум.” — деп билдирди бүгүн, 2-апрелде Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Кубанычбек Кадыровдун бир тууган иниси Марсбек Кадыров.

“Атамбаев бул жерде өзүнүн алсыздыгын көрсөттү. “Төрдөн орун тийип калса нааданга, улагада калганыңа арданба” дегендей бул күндөр дагы өтөт. Атамбаевдин кадамын дагы көрө жатарбыз, аны убакыт көрсөтөт. Мен сиздерге негизги нерсени айтып кетейин, жакынкы аралыкта Атамбаевдин биздин үй-бүлөөгө берген “Апрель баатыры” күбөлүгүн жана төш белгисин Алмаз аванын өзүнө конвертке салып берип жиберемин, өзү тагып алсын. Мындан ары биз Атамбаевди эч качан колдобойбуз. Убагында Алмазбек Атамбаев, “апрель революциясы планетадагы бардык деспоттук режимдердин кыйроосуна жол ачты” деп айтканы бар. Көрсө бул киши өзүнүн гана максатына жеткен экен”- деди Марсбек Кадыров.

Андан сырткары, “Ак үйдүн жанындагы Апрель Баатырларына ак менен кара эстелиги туура эмес тургузулган. Ал эстеликте бийлик тарап таптаза ак дагы, эл тарап кара түстө болуп калган. Бул туура эмес. Эстеликтин ортосундагы 3 кишини алып салып, ак менен каранын ортосун кошуп салуу керек. Ал эми караны түртүп турган эстеликтерди, Ак үй тарапка каратып туруп коюш керек, так ошондо туура болот!”- деди Марсбек Кадыров.

ак кара эстелик

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: