18-январь күнү КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан, төкмө акын Аалы Туткучев баштаган “Эл ырчысы Эстебес” тобунун концертине барып көрдү.
Оюн ортосунда “Эл ырчысы Эстебес” тобу президент Сооронбай Жээнбековго тамаша аралаштырып, бийликтин символу болгон камчыны белекке беришти: “Жээнбеков Сооронбай элдин жүгүн көтөргөн атанын уулу болуп чыгыптыр, ошол Сооронбай атаңа мобу камчыны алып барып, “атам сизге тартууга берди” деп айт. Ал киши салтты билген атанын уулу эмеспи, сени куру кол койбос, акча берип калса бутуңа батинке сатып алып кий”, – дейт уулуна, айылдык аксакалдын образын жараткан Аалы Туткучев:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ