Menu

Кодо (карлик) алма отургузуп, жакшы пайда табыңыз

Бөлүшүү:

Акыркы мезгилде кодо (карлик) жана жарымкодо (полукарлик) алмалары суроо-талапка ээ боло баштады. Алманын бул сортун бала сыяктуу бапестеп бакпаса жакшы түшүм бербейт. Элдин кызыгуусуна айланган кодо алмалардын артыкчылыктары тууралуу агроном, «АгроЛид» коомдук уюмунун кеңешчиси Азамат КАСЕЕВ айтып берди. 

 jeramine1-min
Алманын артыкчылыктарын санасак:

1.Көлөмү кичине болгондуктан ченелүү жерге көп көчөт отургузууга болот. Ал эми 10 сотых жерге 450 түп алма  отургузса болот.

2.Түшүмдүүлүгү жогору, мисалы,10 сотык жерден 4-8 тоннага чейин алма алса болот. Көчөт абдан түшүмдүү, стандарт боюнча 80% жогорку сортту берет.

3.Мөмөсү жогорку сапатта. Фермерлер бул алманы атаандаштык жөндөмдүүлүгү жогору дешет. Анткени алма көлөмү, таттуулугу, сакталышы жагынан толук талапка жооп берет.

4.Карлик алмаларынын бою 2 метр болгондуктан аны багуу, бутоо, түшүмүн жыйноо ыңгайлуу.  Бул алманы 2 метрден ашырбай бутап туруу керек, антпесе, жапайы болуп 3 метр болуп деле өсүп кетет.

5.Жер семирткичти аз талап кылат.

6.Башка алма бактар бир жылы түшүм берип, кийинки жылы бербейт. Карлик алма эс албай жыл сайын түшүм берет.

Кемчилдиктери да жок эмес:

1.Кодо жана жарымкодо бактарга туура кам көрүлсө 25 жыл гана жашайт.

2.Бизде айдаред, голден делишес, ред, чиф деген сорттору  30 градус суукка чыдамдуу. Ал эми калган сорттор баардык эле региондорго ылайыктуу эмес.

3.Бак туура эмес буталса сабагына күч келет. Мөмөсүн көтөрө  албай шагы сынып кетиши мүмкүн.

4.Бийик алма бакка караганда камкордукту өтө талап кылат. Тамыры бат кургайт. Андыктан 10 күндө бир сугарып туруу зарыл.

Туура отургузуу жана кам көрүү

Кодо алмалардын аралыгы 1,5-2 метр, жарымкодо алманыкы 3-4 метр болушу керек.  Алма отургузчу чуңкурдун диаметри 60-70 сантиметр, ал эми тереңдиги 50 сантиметр болуусу зарыл. Көчөт көмгөндө алгач жердин үстүнөн алган топуракты салып, андан кийин астынан алынган топуракты салуу керек. Көчөткө маал-маалы менен фосфор-калий берип туруу шарт. Түбүн жумшартып маал-маалы менен кургатпай сугарып туруу зарыл.

Көчөттү эрте жазда жалбырак байлаганга чейин отургузат. А бирок отургузуу үчүн эң жакшы убакыт тоң түшкөнгө чейинки кеч күз мезгили эсептелет. Бул — октябрь айынын аягынан тартып, ноябрь айынын башына чейинки убакыт.
Алма тигем деген адам биринчи жерин даярдашы керек. Топурактын асылдуулугун көтөрүү биринчи кезекте зарыл. Жерди органикалык жер семирткичтер менен гана азыктандыруу керек. Органикалык жер семирткич бүгүн айылдагы ар бир үйдө бар. Кыктан компос жасоо же биогумус өстүрсө болот.

Азамат КАСЕЕВ: «Туура буталбаса сабагы сынат»

агроном-min— Негизи кодо алмалар короодо дайым камкордукта болушу керек. Кирип-чыгып карап турганга ыңгайлуу. Ал эми гектарлап айдап киреше табам деген фермерлер жарымкодо алманы айдашат. Алар 3 метрге чейин өсөт да кодо алмадай көп камкордукту талап кылбайт. Дыйкандардын көбү алманын сабагы сынып калды деп айтышат. Бул туура эмес буталгандын кесепети. Сабатсыз буталган алманын сабагы морт болуп калат.

— Туура буталса деле соолуп же ойдогудай түшүм бербеген учурлар арбын экен…

— Көчөттү туура эмес алгандан болот. Кээ бир адамдар көчөттүн тамырын жакшы карап алышпайт. Тамырында кара көсө болсо аны албаш керек. Сыртынан караганда жаңы жакшы көчөт көрүнгөнү менен тамыры эбак соолуп баштаган болот. Аны билбей тигип алып канча кам көрсө да майнап чыкпай соолуп калып жатканы ошондон. Көчөттүн орточо баасы   бир даанасы 150-200 сом. Ал эми сертификаты, кепилдиги бар көчөттөрдүн бир даанасы  300-400 сом турат. Бирок туура бакканды билбесең кандай кепилдик берсе деле соолуп өспөй калат. Ал эми тилин таап, жолун билген фермерлер Бишкекте, Көлдө, Таласта бир нече гектарга айдап пайдасын көрүп жатышат. Мында эң негизги маани тамырына берилиш керек. Биздин карликтин тамыры дүйнө жүзүндөгү стандарт боюнча «М9 карлик» деп аталат. Дал ушундай аталышта 2014-жылы реестрга киргиздик. Биздикилер мындай сырларын билбей карлик же жарымкарлик деп алданып жапайы түрүн сатып алып жатышпайбы. Ошондуктан элдер көчөттү питомниктен алышсын, анан тамырдын маанисин билсин, мисалы, карлик М9, жарымкарлик ММ106 деген. Бул евростандартты тастыктап турат, башкача айтканда анык сорт.

Зыянкечтерден канткенде арылабыз?

  Жакшылык ДҮЙШӨНАЛИЕВ, биология илимдеринин кандидаты:

10380076_706814866048048_9038424514666242717_o-min«Химикатка басым жасаганды токтотсок»

— Бизде ар бир фермер өсүмдүгүнө, жерине жараша иш кылышы керек. Алма айдай турган киши бүчүр жегич менен күрөшүшү керек. Гүлдөө мезгили башталганда гүл жегич зыянкечтер чыгат. Аларга каршы иш-чара өткөрүү татаал. Анткени гүлдөгөн кезде химикат колдонсо дарак өлөт. Ага караганда алдын алган жеңилирээк. Алма бактын түбүнө каптарды байлап, ар бир дарыны дозасы менен колдонуу керек. Химикатты ченеминен ашык колдонгондо топурактагы пайдалуу азыктарды өлтүрүп салган болобуз. Андыктан ар бир фермер биологияны жакшы билиши керек. 3-5 жылга чейин жашаган курттар семиз кара топуракты жакшы көрөт. Жалаң өсүмдүктөрдүн  тамыры менен тамактанган зыянкечтер бар. Эгер дарак  соолуп өспөй калса тамырын курттар эбак жеп салган.

— Зыянкечтер топуракта болот деп жатасыз топуракты алды-ала дарыласак болобу?
— Болот. Бирок аны да туура дарылабаса топурактагы миңдеген пайдалуу микроэлементтерди өлтүрүп алышыбыз мүмкүн. Негизи топуракты күз айларында дарыласак болот. Кээ бир зыянкечтерди самын суу өлтүрөт. Аны да чени менен төгүп туруу керек. Күнөскана иштеткен фермер топуракты башка жактан алып келишет. Дал ошол топуракты көчүрүү мезгилинде көп зыянкечтерди күнөсканага кошо киргизип жатышат. Топурактын сырткы кебетесин карап туруп зыянкечтер бар-жогун аныктаса болот.

— Зыянкечтердин баардык түрүнө бир эле химикат колдонсо болобу?

— Жок, алгач куртту тааныш керек. Куртту 1-2 стадиясында химикат менен өлтүрсө болот. Андан кийин чоңойгондо зыянкечтерди өлтүрүү кыйынга турат. Негизи мен жаратылышты коргоону максат кылам. Андыктан зыянкечтердин баарын түп-тамыры менен өлтүрүп салууга каршымын. Зыянкечтерди деле өз ченинде кармап турса болот.

— Биздин фермерлер кандай ыкманы колдонушат?

дуйшоналиев-min— СССРден калган ыкмадан чыга албай жатабыз. Зыянкечтерди жок кылуу десе эле дароо химикатты көтөрүп чабабыз. Бизде жакшынакай биофабрикалар иштеп жатат. Караколдо, Ошто, Чүйдө бар. Биологиялык препараттар менен деле зыянкечтерди өлтүрсөк болот. Бирок жыйынтыгы жайыраак. Ошондон качып  фермерлер натыйжаны бир заматта көргүсү келет да химиялык препараттарга качырат. Тилекке каршы көп кишинин биологиялык препараттар тууралуу маалыматы жок. Эгер болсо анда ага деле көнүшөт. Өсүмдүк эмне үчүн ооруйт? Анткени биз ага убагында суу, дары бербейбиз дагы иммундук системасын начарлатып жиберебиз. Алдын ала кам көрүүнү билбейбиз.

— Мисалы, химиялык  дары-дармекти чылап бактын башына сээп жатабыз, бул туурабы?

— Ал дыйкандын сабатсыздыгы. Фермер химиялык  каражатты колдонгондон кийин кандай түшүм болбосун түшүмдүүлүгүн 30 пайызга чейин жоготот. Биз алма бакта жүргөн майда курттарды эле өлтүрүп жатабыз деп ойлоп дарылай беребиз. Бирок химикат курт тандабайт. Болгон зыяндуу-пайдалуу нерсенин баарын текши өлтүрөт.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: