Menu

Акылбек Жапаров, “Бир бол” фракциясынан ЖК депутаты: “Каржы чалгыны банк системасынын туруктуулугуна, элдин банкка болгон ишенимине катуу сокку урду”

Бөлүшүү:

-Акылбек мырза, коммерциялык банктардагы эсептердин, ячейкалардын ээлери тууралуу маалымат талап кылган каржы чалгынынын демилгесине карата сиздин көз карашыңыз кандай?

– Абдан туура эмес көрүнүштөр болуп жатат. Акыркы убактарда «Оптима банктын» ячейкаларынын ачылышы жөнүндө тараган маалыматты алалы. Негизи эле каржы чалгыны түзүлүп жатканда аны каржы министрлигинин ичиндеги анализ кыла турган, эгер башка жактардан террористтер тууралуу маалымат келсе, ошонун үстүнөн иштей турган орган катары түзгөнбүз. Тилекке каршы, буларды каржы министрлигинин курамынан чыгарып, укук коргоо органдарынын макамын берип, азыр жакшы эмес кадамга барып алышты. Бул эмнеге алып келиши мүмкүн? Макроэкономикалык деңгаэлде эгер эл акчаларын банкта сактабай, үйлөрүндө сактаса, бул жат көрүнүштөрдүн бири катары эсептелет. Кытай дүркүрөп өскөнүнүн бир себеби, булар банк сырын аябай бекем кармайт. 1,5 миллиард элдин акчаларынын 63 пайызы банктарда турат. «Банкта турган акчаларга эч ким тийише албайт» деп мамлекет кепилдик берген. Каржы чалгынынын олдоксон аракети биздеги банк системасынын туруктуулугуна, элдин банкка болгон ишенимине аябай катуу сокку болду. Мен ойлойм, премьер-министр муну өзүнчө карап чыгып, чечимдерди албаса, арты чатакка айланышы мүмкүн. Мүмкүн дегеним, эмдиги жылы эл депозитке акча салбай койсо, экономиканы колдоп аткан эң чоң булак бүтөлүп калат. Бул булак бүтөлсө, биз сырт жактан акча күтө албайбыз.

– Кайсы бир деңгээлде сырттан кире турган каражаттарга да тоскоолдук жаратып алган жокпузбу?

– Биздин тегерек-четтеги мамлекеттерден да көп кишилер акчаларын бизге келип ката баштаган болчу. Биз бир олдоксон кыймыл менен ошо булактан дагы айрылдык. «Чиновникгер каякка катты, эмне үчүн катты – анын баарын изилдесин, аңдысын» деп биз укук коргоо органдарын койгонбуз да. Ошолор бүт ыкмаларды колдонуп, иликтеп табышсын да. Жалпы элди үркүтүп эмне кылат? Эми кыргыз элинин банкка салган акчасы азайса, экономика туңгуюкка келип такалат. Ошон үчүн олдоксон кыймылдардан этият болуш керек. Орустар айтат эмеспи, «дай дураку молиться, он лоб расшибет» деп. Профессионал эмес жетекчилер келип
калганда ушундай кыймылдар боло берет да.

– Анда пара алып, акчаларын банктарга катып койгон аткаминерлерди кантип ашкерелейбиз?

– Мына, буюрса жаңы жылдан баштап жалпы эл декларация тапшыра баштайт. Декларация бергенден кийин кимдин эмнеси бар экени бүт чыгып калат. Болгону 330 миң киши бюджеттен акча алат. Анын дагы 100 минден ашыгы мугалимдер, 50 миңдейи медиктер. Мындан тышкары, пенсионерлер бар. Алардын баарын алып койсоң, 27 миңдей эле чиновник бар. Декларация толтургандан кийин ошону текшерип койсо эле баары айкындалып калат. Биз элдин баарына айтышыбыз керек: декларацияда көрсөтүлгөн мүлк – бул сенин мүлкүң. Салыгын эле төлөп койсоң, бүттү. Сооронбай Шариповичтин жасаган эң мыкты кадамы ушул болду: алты жыл коррупция менен күрөшөм деп өзүнүн саясый оппоненттеринин баарын, тыңыраак чыккан балдардын баарын шыйракка чаап келген экс-президенттен айырмаланып, бул киши «2019-жылдан баштап жалпы эл декларация толтурат» деп койду. Эми байлыгынды каякка катсаң да чыгат.

Маектешкен: Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: