Нарын шаарынын тургуну, 2010-жылдын апрелиндеги революциянын активдүү катышуучусу Эркин Асаналиев дем алыш күнү, ишембиде Бишкекке, УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралу Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Апрель Баатыры Эркин Асаналиев өзү билдирди.
“Сурак саат 12ден башталып, 17ге чейин, 5 саатка созулду. Болгон эле суроосу “20-мартта Азимбек Бекназаровдун кабинетине жыйналган оппозициячылар революция жасоо тууралу кеп кылышты беле?” дегендин айланасында болду. Мен айттым ал жерде 30дан ашык киши жыйналган, эч кимиси бийликти басып алуу тууралу сөз кылган эмес. Тескерисинче мамлекеттүүлүктү чыңдоо боюнча жакшы сунуштар болгон, мисалы, Курултай институтун киргизүү маселеси айтылган. Эгер бийликтин акылы болсо ошол жердеги сунуштарды туура жолго пайдаланмак деп ачык эле айттым”, – деди Апрель Баатыры Эркин Асаналиев
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ