Эл арасында барган сайын «Ата Мекен» фракциясынан Өмүрбек Текебаев менен Аида Салянованын рейтинги кадимкидей көтөрүлүп кеткени байкалууда. Күн санап абройлору өсүп баратканын сезген кыраакы саясатчы Текебаев бийликке каршы чабуулун мындан дагы күчөтө турганын, жаз алды менен президент Атамбаевге импичмент маселесин ишке ашырууга катуу киришип, коомчулукту дүңгүрөтүүгө билегин түрүп калыптыр. Акырында ыңгайды колдон чыгарбай туруп, Текебаев өзү президенттик тактыга жетүүгө кадамын санаганы жок жерден эмес го? Кыргызстанда кескин өзгөрүүлөр, күтүүсүз бурулуштар болушу ыктымал. Балким кийинки президент Өмүрбек Чиркешович болобу?..
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ