Menu

Оппозицияны камакка алуу тандоо жолуна түштүбү?

Бөлүшүү:

Оппозиция лидерлеринин бийликти күч менен басып алууга болгон аракеттери өлкөдө резонанс жаратты. Алардын тымызын сүйлөшүүлөрү жаздырылып алынып, ЖМКларга байма-бай жарыяланып жатат. Эгерде мыйзам алкагынан ала турган болсок, Акүйгө каршылык көрсөтүүчүлөр жазалана турган болсо, эмнеге баарына бирдей мамиле кылынган жок?
Учурда эл ичинде нааразычылык болууда. Маселен, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков УКМКга камакка алынды. Ал эми 69 жаштагы Дастан Сарыгуловдун “бийликти бөлүштүрүү” машакаты үй камагынан өйдө көтөрүлө албаганы кандай? Дуулат Турдуналиевге издөө жарыяланды. Бийликке жетүү пландарын ар кандай өңүттө талкуулаган башка оппозиция лидерлерине күч органдары айкөлдүк менен мамиле кылгандай. Көрсө дагы көрмөксөнгө салыштыбы? Бу жаатта айрым адамдар талуу суроолорду коюп атышат: “Кадыровду, Асановду, Карыбековду камагандан кийин, башкаларын эмнеге аяды? Дуулат деген жигитти темир торго тыкса, Талас көтөрүлүп кетерин билишип, аны атайын качырыштыбы? Бекназаровду камаганга бийликтин духу жетпей койдубу? Ошол жашыруун сүйлөшүүдө көп эле фамилиялар бар болчу, неге алар суудан кургак чыгышты?” деген маанайда.
Бир логика бар. Эгерде оппозиция жаатындагы саясатчыларды жапырт камакка алуу – өлкөдөгү тополоңдун чыгышына шарт түзмөк. Баардыгы бирдей күнөө кылган же кылбаган күндө деле, аларды анализдеп, абай салган жол менен мизин майтаруу саясаты жүргөндөй сезилет. (Жылма осурактын жыты жаман болгондой эле кеп да.) Кичине убакыт өткөндөн соң, Акүйгө каш кайтарган радикалдар дагы камалышы ыктымал. Себеби, оппозиция бийликти алуу үчүн курч маанайда аракеттерин кыла баштады. Мындай шартта президент жана анын командасы колдо бар ресурсту колдонуп, өлкөдөгү тынчтыкты сактоого, стабилдүүлүктү орнотууга батыл киришкендей. Анүчүн күрөш жүрөт. Биздин баамыбызда, радикалдуу көз карашта саясат менен шугулданган адамдар абайлап кадам ташташпаса, УКМКга кирип калышы мүмкүн…
Дагы бир жагы, Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков өңдүү лидерлер оппозициянын тазаланышын күткөндөй позицияда турушат. Булар баштарын тобокелге байлап, куру кыйкырык менен көчөгө чыгышпай турганы ырас. Болгону кырдаалды байкап, момент келгенде гана Алмаз Атамбаевден өч алууну күтүп атышабы? “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” дегендей, мурда саясаттын айынан ар кандай сокку жегендер кыраакы болушат эмеспи…
Эң башкысы, адилеттүүлүк кай тарапта болсо, эл дагы ошол жакка ооп кетерин унутпашыбыз керек…
Арсен ЮНУСАЛИЕВ
Булак: “АЗИЯnews

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: