Menu

Өкүл Жумагүл Эгембердиева Кытайлык ишкерлерди кабыл алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-апрелде өкүл Жумагүл Эгембердиева  Кытай Эл Республикасынан атайын кызматташуу максатында расмий иш сапары менен  келишкен ишкерлерди кабыл алды. Тамчылатып сугаруу боюнча атайын жабдууларды чыгаруучу жана курулуш иштерин кошо жүргүзүүчү  «Цинь Чуан» Янлин компаниясынын генералдык директору Ли Аньнуай, компаниянын башкармалыгынын төрагасы Цзянь И жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы Су Жуйюань айымды кабыл алды деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Жылуу жана достук түшүнүүчүлүк маанайында өткөн жолугушууга өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов жана Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов катышты.
-Жалал-Абад областынын экономикасын көтөрүүдө айыл чарбасы негизги тармактан болуп саналат. Акыркы эки жылдын аралыгында бизде дагы тамчылатып сугаруу маселесине катуу көңүл бурула баштады. Өткөн жылдан баштап тамчылатып сугаруу иштери астейдил жандана баштады. Ачыгын айтканда, Базар-Коргон районунда пахтаны тамчылатып сугаруу боюнча чет элдик ишкерлер менен алгачкы пилоттук долбоор ишке ашырылган. Мындан сырткары  кайракы жерлерде мөмө берүүчү бак-дарактарды өстүрүү иштери дагы астейдил колго алына баштады. Азыркы мезгилде сугат сууларын үнөмдөө үчүн тамчылатып сугаруу иши КРнын Өкмөтүнүн деңгээлинде колго алынып, иш чаралар белгиленди. Сиздер бул иштиктүү сапарыңыздардын жүрүшүндө Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы айыл чарба тармагында иш алып барып жатышкан дыйкандар жана фермерлер менен жеринде таанышып, өзүңүздөрдүн баалуу кеп-кеңешиңиздерди берүү менен бирге, тамчылатып сугарууну өндүрүштүк негизде ишке ашырууга жакындан көмөк берериңиздерге терең ишенемин. Эки тараптуу кызматташуу өзүнүн жакшы натыйжасын берет жана пайдалуу кызматташуу көп жылдарга эсептелет деп терер ишенемин, – деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.
– Тамчылатып сугаруу иши Кытайда мамлекеттик саясатка айланган. Бул технология сугат багытындагы сууну  экономдоо менен бирге түшүмдүүлүктү кескин түрдө арттырып, анын мыкты сапатын камсыздайт. Тагыраак айтканда, биринчиден сугат суусу кескин үнөмдөлөт, экинчиден минералдык жер семирткич натыйжалуу жана өз өлчөмүндө иштетилет. Түпкү жыйынтыгында түшүмдүүлүк 20 пайызга  арттуу менен анын сапаты дагы кескин түрдө жакшырат. Албетте, булл жерде мыкты сапаттагы технология менен үрөндүн жогорку сапатта болуусу негизги шарттардын биринен болуп саналат. Кытай Эл Республикасында 1 га. аянтка 6 миң куб суу кете турган болсо, тамчылатып сугарууда болгону 3 миң куб суу гана иштетилет,- деди  тамчылатып сугаруу жана аны ишке ашырылып курууга адистешкен «Цинь Чуань» Янлин компаниясынын генералдык директору Ли Аньнуай.
Аталган компания Кытай Эл Республикасында өз ишин 1999-жылы баштаган. Учурда бул компания тамчылатып сугаруу боюнча өзүнүн жабдууларын жана курулуш иштерин Түштүк-чыгыш Борбордук Азия менен Европа өлкөлөрүндө кеңири жана ийгиликтүү турмушка ашырып  жатышат.
Эки тараптуу кызматташууга арналган жолугушуунун соңунда тараптар  өздүк белектери менен алмашышты. Тараптар кызматташуунун натыйжалуу жана үзүрлүү болуусуна кызыктар экендигин жашырышкан жок.
Жолдошбай Осмонов, журналист

.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: