Menu

Кыргызстандын элине, Эл аралык укук коргоо уюмдарына революционер Азимбек Бекназаровдун Кайрылуусу

Бөлүшүү:

Кыргызстандын элине,
Эл аралык укук коргоо уюмдарына

К А Й Р Ы Л У У

Акыркы мезгилдерде мамлекеттик бардык медиакаражаттар аркылуу Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт баш болуп дүжүрлөрү менен эн жогорку уюшкандыкта, мамлекеттик деңгээлде мени түздөн-түз же кыйыр каралап жатат. Айрымдарына токтолоюн:
1. “Асанов менен Кадыровдун артында Бекназаров турат, ал эмне камалбайт?”, түштүк саясатчылары К.Ташиев, А.Келдибеков, А.Мадумаров, М.Мырзакматов, М.Абылов, Ү.Сыдыков, К.Бакиев менен жүргөн же турган видеотасмалар же сүрөттөр атайын көрсөтүлүп, булар “эл бузарлар”, “канга тойбогон кузгундар” ж.б. көчө адамы айтпаган сөздөрдү Президент өзү баш болуп, бөлүп-жаруу, жек көрсөтүү саясатын көздөп айтып жатканы эмнени каңкуулайт? “Бекназаров революцияны акча, байыш үчүн жасайт”-деп ушактап жатышат. Урматтуу мекендештер, эгерде революцияда акча жасала турган болсо, Бабановдон мага жол тийбейт эле, ал нечендеген революция кылмак.
КТРден, башка телеканалдардан берилген “атайын репортаждардын” мазмуну менен Президенттин интервьюлары коендой окшоштугу көрүнүп турат. “Мамлекетти күч менен басып алуунун” же Асанов менен Кадыровдун артында мен эмес, башка “уюштургуч” күчтөр турганы тергөөчүлөр эле эмес, Атамбаевге да белгилүү деп ойлойм. Бирок бул иш мени жоопко тартуу үчүн атайын сүйлөшүлүп пландаштырылып, аны Асанов менен Кадыровго билдирбей, аларды колдонуу менен ишке ашыруу “генпланы” ишке ашпай калгандыктан ачыкка чыгарылбай, азырынча бир беткей жамандатуу менен чектелип турат. Мага каршы уюштурулуп жаткан саясаттын артында 6 жыл ичинде “Ата-Журт”, “Республика” партияларын бөлүп жарууну уюштургандар, спикер А.Келдибеков менен Премьер-министр Ө.Бабановду ээрден кулаткандар, К.Ташиев баш болгон “чынгызхандарга”, А.Келдибековго, Р.Сабировго, К.Самаковго, И.Өмүркуловго, Д.Нарынбаевге, М.Мырзакматовго ж.б. жасалма, буйрутма кылмыш иш козготушуп, айрымдарын соттотуп, айрымдарын соттотпой “сындырып” өз максаттарына жетишкен, азыр да бийликтин туу чокусунда олтурушкан менин “эски досторум” турат. Алардын максаты саясий оппоненттердин баарын талкалап, өздөрү каалаган Атамбаевдин мураскорун аныктап, бийликтерин, былыктарын сактап калуу.
Мен аларга окшоп эки элдик революцияда тең үйүмдө жатпай, эл арасында жүрүп, жонтерим менен революция эмне экенин жакшы билген адам катары бийликти күч менен алмаштырууга 6 жылдан бери каршы экенимди ачык айтып, эгерде 3-революция жасайлы десек, келгиле ар кимибиз өзүбүздүн жан-дүйнөбүздөн баштайлы, дагы бир “крахабордун” акчасына жасалган революцияга каршымын дегеним үчүн, “Азике досу Атамбаев менен бирге, калп эле аны сындамыш болуп жүрөт”-деген негизсиз айыптоого кабылып келем.
Бүгүн бийлик эптеп мага каршы бир адам болсо да көрсөтмө алууга аракеттенип жатат. А, чындыгында, эгерде “Атамбаевди Шеримкулов аркылуу жетелетип чыгаргылары келсе”, анда анын артында мен эмес, Шеримкулов менен байланышы бар бийликтегилер өздөрү турат.

2. Кыргыз-өзбек чек арасы же Унгар-Тоо боюнча:
Азыркы Өкмөт башчысы Т.Сариевдин Аксыдагы Унгар-Тоонун чокусунда жайгашкан телерадиокоммуникацияларды “Өзбекстандын аймагында жайгашкан Кыргызстандын обьектилери катары башка жакка которуу” боюнча өз чечимин танып, муну “оппозиция, тагыраак айтканда мени жасалмалап койгон”-дегени, “осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт” дегендей болуп жатат. Унгар-Тоо эч качан “Өзбекстандыкы” болгон эмес, эч качан талаш же такталбаган жер да эмес, кылымдардан бери кыргыздын жери, ал жердеги кыргыз обьектилери турганы да аны тастыктайт. Маселе Т.Сариевдин өзүндө, Унгар-Тоону “Үнкүр-Тоо” деп, “Өзбекстандыкы” деп билбей, тактабай туруп, бирөөлөр даярдаган документке кол койгон. Унгар-Тоону “Өзбекстандыкы” деп атагыдай Сариевдин укугу барбы?
Темир иним, мен сенин ал документиңди элге эмес, журналисттерге да берген жокмун. 23-мартта Аксыдан келип пресс-конференция бергенде сенин 2015-жылдын 11-ноябрдагы 18-177 номерлүү протоколуңдун датасын, номерин гана айттым. Ал эми 2016-жылдын 22-мартында Кербенде өткөн жыйындан кийин жергиликтүү кеңештин депутаттары берген сенин протоколуңдун көчүрмөсүн мен Аксы коомунун мүчөлөрүнүн көзүнчө Жогорку Кеңеште карап, чечүү үчүн депутат К.Жумалиевге бердим. Бул кылмышпы?
Темир иним, сен канчалык чычалаба, ал документиңдин чын экенин Кербен шаарынын кеңешинин депутаттары, РПО РМТР ААК коому далилдеп беришет. Эгерде силер алардын, Аксы коомунун, Жогорку Кеңештин депутаттарынын “оозун баскан” күндө да Өзбекстандын оозун кантип басасыңар? Алар сенин эмес, сага чейинки “кыргыз бийлигинин документтерин эл аралык деңгээлде көрсөтөбүз”-деп жатпайбы? Андан көрө Унгар-Тоону “Өзбекстандыкы” деп тааныган документтерди өзүң же Жогорку Кеңеш аркылуу жокко чыгарып, Унгар-Тоону сактап калууга далбастасаң жакшы болмок.
Анын ордуна өзүңөрдүн документиңерди өзүңөр бурмалап, Президент баш болуп чек ара боюнча былыгыңарды мага оодарууга, ушул жерде да мени күнөөлөөгө аракет жасаганыңар кудайга да жакпайт.
2010-жылы элдик революциядан кийин Атамбаев сен экөөбүздү “ячейканы бөлүп алды, уурдап алды, буларды Өкмөткө жолотпойм”-деп ар бир райондо экөөбүзгө карата ушак жүргүздү эле, эми Унгар-Тоо, Өзбекстандын аскер күчтөрү биздин жерди басып алуусу, ал боюнча өзүңөрдүн кетирген катаңарды, алсыздыгыңарды мага жүктөбөй, Президентти кой дей албасаң да, өзүң жигитчилик кылып, кетирген кемчиликти моюнга алууга чакырам, уят иним.
Менин Кербендеги “Президент Атамбаев Каримов менен тезинен сүйлөшүүсү керек, элдин кызыкчылыгы үчүн керек болсо чөгөлөп барыш керек, бирок ал алты жылдан бери бир жолу да сүйлөшүүгө жарабады, азыр да теңата сүйлөшө албайт”-деген сөзүмду Бабанов өзүнүн НТСи менен бурмалап көрсөтүп, балдарыма чейин аралаштырып, ушул жерде да бир пайда таап калайын деп Сариевдин ордунан үмүт кылып турган чагы. А, мүмкүн Премьер-министр кезинде Унгар-Тоого өзүнүн тиешеси да бардыр…

3. Атамбаевдин “мыйзамсыз” тышкы саясатынын кыйрашы жөнүндө:
Мен Атамбаев “досум” Президент болуп, Конституция боюнча (64-б.) Президенттин ыйгарым укугуна кирбеген бийликти өз указдары жана Конституцияга каршы келген мыйзамдар менен ала баштаганда “Унчукпай коюуга укугум жок-1 жана 2 деген ачык каттарым менен бул оор кылмыш, “узурпация” деп эскерткем.
Айрыкча Президенттин өзүнүн алдына түзүп алган күч органы АКС жана тышкы саясат боюнча ыйгарым укугуна тынчсыздангандыгымы билдиргем. Кыргызстандын бүгүнкү тышкы саясаты таптакыр кыйрап, кыйраган тышкы саясаттын кесепети өлкөнүн ички саясатына, элдин күнүмдүк турмуш-тиричилигине тийип жатканы ага далил.
Атамбаев адатынча бул кемчилигин да оппозицияга, айрыкча Өзбекстандын күч органдары Сары-Булакты басып алганын, “Каримов менен оппозиция сүйлөшүп, атайын жасап жатат”-дегендей оюн айтып жиберди. 2016-жылдын 18-мартында кыргыз жерин басып алган Өзбекстандын аскерлерин Сариев экөө “күчтүү” экенин далилдеп, кууп чыгуунун ордуна “Ошто, Жалал-Абадда, Аксыда оппозицияны “эл бузарлар”, “кузгундар”, “аларды таш бараңга алгыла”-дегендей “канаттуу” сөздөрүн айтып жүрдү. Өлкөнү тышкы күчтөр басып алса да, өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы катары ага жол беришкен коргоо министрин, тышкы иштер министрин, коопсуздук комитетинин башчысын, чек ара кызмат башчысын айыптаган жок.
Жогорку Кеңеш, Өкмөт үн чыгарып койгонго жарабады. Ушундай кырдаалда жергиликтүү элдин өтүнүчү менен, аларга моралдык жардам көрсөтүп, 22-мартта Кербен шаарында жыйын өткөрүп, элдин кызыкчылыгы үчүн элдик дипломатияны колдонуп Аксы – Ала-Бука жолун ачып, аскерлерин чыгарып кетүү үчүн Өзбекстандын Президенти Каримовдон сурандык, бул эмне кылмышпы? Эгерде чын эле элди, бизди сыйлап аскерлерин чыгарып кеткен Каримовго рахмат айтуунун ордуна, “Каримов менен кыргыз оппозициясы бир”-дегендей “улуу дипломатиялык” пикирин күч алдырууда. Президенттин өлкөнүн ичиндеги “өзүм билемдиктен жаралган башаламан, туруксуз саясаты кыйын күндөрдө үзөнгүлөш жүргөн досторуна жасаган “сойкулук” мамилеси, тышкы саясатта, коншу, бир тууган, жана стратегиялык дос өлкөлөрдүн башчыларына да колдонулуп, коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле чечилбей ортодо эки эл кыйналууда. Президент Атамбаев “досу Бекназаровго” жасаган “достук мамилесин” В.Путинге, Т.Эрдоганга, И.Каримовго, Н.Назарбаевге, Э.Рахмоновго колдонгону опурталдуу иш.

4. 24-мартта Ош шаарында болбой калган Элдик Курултай жөнүндө:
Азыркы күчүндө турган Конституциянын 52-беренесине ылайык, мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча Кыргызстандын жарандары Элдик курултай өткөрө алышат. Биз, “Эл үнү” саясий-коомдук кыймылы 2016-жылдын 24-мартында Ош шаарында өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер боюнча Элдик курултай өткөрүүнү пландаштырып, ага Прзидент Атамбаевден тартып саясий партияларга чейин чакыруу жөнөттүк. Курултайда кабыл алына турган чечимдерди турмушка ашыруу боюнча курултайдын аткаруучу органы катары координациялык кеңешти түзүү каралган. Бул эмне “эл бузарлыкпы”, “кылмышпы”, “ташбараңга” алынгыдай. Эмне үчүн Кыргызстанда элдин Конституция, мыйзамдардын алдында бирдей, тең экендиги сакталбайт? Эмне үчүн элдик курултайды өткөрүү боюнча жыйыныбыз тыңшоого алынат? Эмне үчүн элдик курултайга катышуучулар Президенттик деңгээлде “айыпталат”, куугунтукталат? Ошол эле кезде Президент өзү Бакиевге окшоп, Кыргызстан Элдеринин ассамблеясынын курултайын өткөрүүгө мажбурлап жатат.
Президенттин, бийликтин корккону, 24-марттагы элдик курултайда оппозициялык күчтөрдүн мүмкүн биригип кетиши болгон. Ооба, өткөн чакырылыштагы, азыркы Жогорку Кеңештеги парламенттик оппозиция өз ыйгарым укуктарын аткарбагандыгына байланыштуу коомубуз бүгүн бириккен, күчтүү көчө оппозициясынын жаралышына муктаж. Эгер Элдик курултайда эл алдында делегаттар тарабынан иштелип чыккан бир идея астында оппозиция биригип, жаңы команда, жаңы күч түзүлсө, бул жаңы күч элдик курултай институту аркылуу элдин контролунда аракеттенебиз десе жаманбы?
Алты жылдан бери элдин биримдигин бекемдей турган мамлекеттик, улуттук идеологиябыз – бийлик, акча, криминал үчилтигине байланып, конституция, мыйзамдар кош стандартта колдонулуп, Президенттин жеке түшүнүгү менен башаламан бийлик жүргүзүлсө, эл, бийлик, илим, маданият өкүлдөрү – же саясий элита күндөн-күнгө бир өңчөй байлардын же өз позициясы жок “хоп-майлилерден” түзүлүп, мекенчил патриоттор “эл душманы” аталып жатканда, эмне үчүн курултай өткөрүп кеңеш кылсак болбойт?
Быйылкы Атамбаев тарабынан жарыяланган тарых жана маданият жылын ал өзү, өзүнүн ата-тегин Алматыдагы архивдерден таптыруудан, элди бөлүп-жарып, жээкирип, революциянын катышуучуларынын айрымдарын “бандиттер, криминалдар”, “өзүн, кеминдиктерди” чыныгы революционер”-деп бөлүп жарыялоодон баштады. Ошол эле учурда 1916-жылкы окуянын 100 жылдыгында 200миңден ашык шейит болгон ата-бабалар үчүн, борбор шаарга эстелик катары бир мемориалдык музей ачтырып, ага архивдерде жаткан тарыхый документ-материалдарды койдурууга кудурети жетпей турат.
2010-жылдын 7-апрелинде элдик революциянын башкы талабы болгон электр энергиясына, сууга, газга, башка коммуналдык төлөмдөргө болгон баалар кайра көтөрүлүп, Кумтөр, Жер-Үй ж.б. кен байлыктар Президенттин колдоосу менен мурдагы эле шылуундар аркылуу чет элдиктерге колдон-колго өтүп сатылып жатат. 7-апрелден кийин улутташтырылган обьектилер жең учунан жакындарына тымызын берилсе, 7-апрелде элди аткандардын соту 6 жылдан бери бүтпөсө, элди атып жатканда Бакиевдин жанында тургандар Президенттин партиясында жүрүшсө, эмне үчүн революция өз максатына жеттиби-деп Элдик курултай өткөрсө болбойт? 7-апрель Атамбаев үчүн майрам күндүр, бирок эл үчүн, көпчүлүк чыныгы революционерлер үчүн өз максатына жетпей калган трагедиялуу тарыхый күн!
6 жылдын бери парламенттик башкаруу системасы иштебей, кайрадан Президент тарабынан мамлекеттик бийлик узурпацияланып, мыйзамсыз күч органдары түзүлүп, Президенттин мыйзамсыз жеке бийлиги орнотулуп жатса биз эмне үчүн тынч митинг, курултай өткөрүп, эркин пикир айтууга укугубуз жок? Биз Аксы районундагы чек ара маселесин жеринде көргөндөн кийин, Унгар-Тоо боюнча Өкмөттүн чечимдерин билгенден кийин, Жогорку Кеңеш бул маселени 20-апрелге чейин чечүүнү тапшыргандыгы үчүн, биз элдик курултайды ошондон кийин өткөрүүнү чечтик.

5. Дагы бир жолу өзүм жөнүндө:
Урматтуу мекендештер! Эгемендиктин 25 жыл ичинде Совет доорунда түптөлгөн мекенчил-патриот, коммунисттер өзөгүн түзгөн саясий-маданий-илимий кыргыз элитасы – “эл душманына” айланып, Акаевдин доорундагы “прихватизация” саясаты менен байып алышкан “лжеолигархтар” менен кошоматчы “хоп-майлилер” Кыргызстандын саясий элитасын түзүп калды. Парламентте, Өкмөттө, Президенттин айланасындагы көпчүлүк, Кумтөрдү, Жер-Үйдү эле эмес, өлкөнү, элди да сатып жибергенден кайра тартпайт.
Азыр Унгар-Тоонун айланасында болуп жаткан кыргыз жерине болгон Парламенттеги көрүнүш буга далил. Атаганат, кыргыз жери басылып, чекесинен “Өзбекстандыкы” деп Өкмөт тарабынан таанылып жатса да “бул Бекназаровдун кезектеги чыры”-катары кайдыгар кабыл алынганы зээнди кейитет. 2000-жылы ушундай эле жол менен Үзөнгү-Кууш маселеси каралганда Парламенттеги 60 депутаттан 21 депутат тикеден-тике турган. Көчөдө ондогон патриот-мекенчилдер, НПО, укук коргоочулар турушкан. 2008-жылы “Ак-Жол” парламентинде Каркыра, Маймак ж.б. маселеси каралып жатканда 90 депутаттан 10го жетпеген депутат чыркыраган. Бүгүн Унгар-Тоо маселесинде болсо 120 депутаттан 2-3 гана депутаттын үн чыгарганы эмнеден кабар берет? Анын ордуна, бир МАИ кызматкеринин иши үчүн ондогон депутаттар “чыр” көтөрдү.
Бирок, бул көрүнүш кыргыздын көрөнгөсү бүтүп баратыптыр дегенди түшүндүрбөйт. “Түгөнөт десе түтөгөн” кыргыздан ар мезгилде өз Манасы чыккан. Үзөнгү-Кууш, Каркыра, Хан-Тоо, Маймак, ж.б жерлер үчүн күрөшкөн Аксы элиндей баатыр элибиз, Шералыдай, Топчукедей, Исмаилдай, Дооронбектей, Чолпонбектей, Замирадай, Азизадай, Төлөйкандай, Кларадай, Бөдөштөй, Турсунбектей уул-кыздарыбыз чыккан жана бар. Бүгүн да алар ондоп саналат. 2016-жылдын 4-апрелинде Т.Акун чебелектеп бийлик менен оппозицияны “сүйлөштүрөм” деди. Кайра-кайра чакырып, кыйбагандан барсам, Парламенттеги фракция башчылары (Текебаевден башкасы) келген жок. Эгерде Т.Акун “кайсы бир кен байлык чыккан жерди берет экен”-десе Бабановго окшогондор биринчи болуп жетип келмек. Менин үстүмдөн айтылып, көрсөтүлүп жаткан Акаев, Бакиев доорундагы эски ушак-жомокторго мен көп деле кейибейм.
Мындай ушак-айынды жокко чыгаруу үчүн нечен жолу “мага чара көргүлө” деп өзүм укук коргоо органдарына кайрылгам. Акыркы жолу 2013-жылы Атамбаевдин кезектеги ушагынан кийин Башкы прокурор Салянова айымга “мени коррупционер катары жоопко тарт” деп өзүм арыз да жаздым.
Мен кудай алдында, өз элимдин алдында, абийиримдин алдында тазамын деп ар качан айта аламын. Эгерде мен бир метр чарчы жер, же бир обьектти “прихватизация” кылган болсом, же бирөөнүн менчигин уурдасам же рейдерлик кылсам, же Атамбаев айткандай банктын ячейкасынан бирөөлөрдүн акчасын “Сариев менен бөлүп” алсам, мени Асанов менен Кадыровду кыйнабай алда качан камап коймок. Мен Текебаев сыяктуу эле депутаттык үйдү менчиктештирип алсам болмок, бирок мен аны да алган жокмун.
Кыргызстандын бүтүндүгү бузулуп, элдин ынтымагы кетип, Ата Мекенибиз коркунучта калганда мен ардайым эл менен “от күйүп” турган жерлерде жүрөм. 2010-жылы да апрель-июнь айларында мен көпчүлүк УбактылууӨкмөт мүчөлөрүнө окшоп жашырынбай түштүктө, Нарында, Таласта эл арасында жүрдүм. Же айрым Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнө окшоп “сепаратисттер” менен жашыруун сүйлөшүүгө барган эмесмин.
Мени саясаттан четтетүү, сындыруу, бийлик алдында чөгөлөтүү куру убарагерчилик. Менин кейигеним бийликтин менин туугандарыма, дос-курсташтарыма, санаалаштарыма, балдарыма жасаган карөзгөй акмакчылыгы болуп жатат.
Атамбаев акыркы 4 жыл ичинде 20дан ашык менин дос-курсташтарымды, жердеш-туугандарымы (алар өз мээнети менен иштеп жатса да) “Бекназаровдуку” деген ярлык менен негизсиз кызматтарынан кууду. Өзүмдүн, бир тууган инилеримдин балдары иштеринен таптакыр четтетилди. Айрымдары Россияга, Түркияга кетүүгө мажбур болсо да кайрадан куугунтукталып, жамандатылып жатат. Алар өз учурунда азыркы мага окшоп Атамбаев өзү Бакиев тарабынан “ушакталып, куугунтукталып” жатканда “аяш атабыз” деп Атамбаев үчүн чуркаган күнөөлөрү үчүн куугунтукта жүргөн. Бакиевдин убагында качкын катары чет элге баш калкалаган уул-келиндерим, бардык мамлекеттик ММКлардан, Бабановдун НТСинен жамандатыла баштады. Мунун баарын жакшы билген Атамбаев эми өзү баштатып жатканына кейип турам.
Эгерде өчүңөр болсо, жеке менден алгыла, балдарыма, дос, туугандарыма, жердештериме тийбегиле, кудай алдында күнөөкөр болосуңар!
Азимбек Бекназаров

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: