Menu

Света Тойгонбаева, көзү ачык, айтымчы: “Эгерде Бекназаров камала турган болсо, экинчи Аксы окуясы кайталанат”

Бөлүшүү:

-Света айым буга чейин да Кыргызстан боюнча кырдаалды, өлкөдөгү абал жана Бишкектин “аурасы” начар экендигин айтып келе жатасыз. Дегеле жакынкы аралыкта Кыргызстанды эмне күтүп турат?

-Кыргызстанда кырдаал элдердин бийликке болгон көз карашы “жакшы” дегенден алысмын. Бийликке болгон нааразычылык күндөн-күнгө күчөп бара жатат. Бул бийлик өзүнүн тарапташтарынан сырткары элге дагы тийишип баштаганы өкүнүчтүү. Бийлик менен оппозициянын орстосунда карама-каршылык күч. Бийлик өзү жакшы иштебей, айткан сөздөрүнө турбагандыктан элдин ишениминен толук чыкты. Кырдаал барган сайын оорлошуп жатат. Жакынкы күндөрү көптөгөн саясатчылардын арасында келишпөөчүлүктөр ого бетер күчөп, бийликтегилердин жумуштарына чоң зыян болот.

-Бийлик менен оппозициянын ортосундагы карама-каршылык эмнеге алып барышы мүмкүн?

-Жок,бийлик оппозицияны камап коркута албайт, кайра күчөтөт. Минтип отурса бийликтин өздөрүнүн абийири кетет. Бийликке элдин көпчүлүгүнүн нааразычылыгы күч. Оппозицияны  камап коркута албайт. Бир күнү эл көтөрүлүп чыкканда бийликтин эч нерсеге күчү жетпей калат. Бийлик сөзүнө туруп, кыргыздын чыгаан жигиттерине кысым жасабашы керек. Минтип отурса өлкөдө баш-аламандык күч алат.

-Баш-аламандыктарды болтурбоо үчүн алдын алса болобу?

-Кыргызстандагы азыркы кырдаал боюнча сиздердин маалымат булакка буга чейин дагы айтып келгенмин. Бул жылы бийликтегилер үчүн жакшы жыл эмес, ич ара бийликтегилерден береке, ынтымак кеткен. Кыргыз эли жана бийлик тарап ынтымакка, биримдикке келиши керек. Ак үйдү тазалаш керек, Ак үйдүн ичи “кара магияга” толуп, оролуп калган. Аны тазалабаса бийликтин кылган иши мурдагыдай эле текке кетет. Коңшу өлкөлөрдөн карама-каршылыктар күч. Алмаз Шаршеновичке жана жанындагы адамдарга да өтө кыйын, буларга дагы кайтар дүйнөнүн кезеги келип жаткандай…

-Бул бийлик баш көтөргөн эр азаматтарды камоо жолуна өттү. Ушундай жол менен оппозицияны коркута алабызбы?

-Мындай жол менен барса бийлик толугу менен утулат. Бул жол менен Атамбаев карама-каршылыкты күчөтүп жатат. Мындай жолго мамлекет башчыны ким түртүп жатат ошого таң калып жатамын. Түркия мененби, билбеймин, же коңшу Өзбекстанбы  айтоор Атамбаев менен келишпөөчүлүк же каршылык болот.

-Унгар-Тоонун тагдыры кандай, Өзбекстан тарапка оойбу же Кыргызстанга…

-Эл унчукпай койсо Унгар-Тоо толугу менен Өзбекстанга өтүп кетет. Өзбекстан тарап Унгар-Тоо биздики деген ишенимге кирип алган. Эгерде Унгар-Тоо боюнча чечимди өкмөт туура чечпесе абал чатак болот. Аталган тоонун Өзбекстан тарапка өтүп кетишине биздин бийликтен 3 адам кызыкдар.

– Аксылыктардын айтымына караганда эгерде Унгар-Тоо Өзбекстанга өтүп кетсе, экинчи Аксы окуясы кайталанат дешүүдө…

-Ооба, кайталанат. Бийлик өз үстөлү менен өзү коштошот. Унгар-Тоо Кыргызстандыкы.

-Унгар-Тоо боюнча Аксыга берилген Темир Сариевдин протоколун жергиликтүү аймактын депутаттары жокко чыгарды. Аны Азимбек Бекназаров ачыкка чыгарганда, өкмөт Бекназаровду “жалганчы” деди. Дегеле Бекназаровду эмне күтүп турат?

-Эгерде Бекназаров камала турган болсо, экинчи Аксы окуясы кайталанат. Бекназаров өзү-менен өзү жүрөт, бир жерди жыра тартып, колдон алып, билектен жыгамын деген деле түрү жок. Бирок, Бекназаров өтө этият болушу керек. Жанында бир саткын адамы бар, бийликтин ага болгон “атакасы” бар, камалбайт, ар кандай нараазычылыктарды токтото алат. Унгар-Тоо Өзбекстанга өтүп кете турган болсо, сөзсүз революция болот.

-Алмаз Шаршенович сар-санаа болбой элеби?

-Бул бийликтин кишилерине таң каламын, ой-максаты эле, “бийликти бербейбиз, жыргатабыз, иштейбиз” деп отурат. Бийликтегилердин такыр жолу жабык. Булар дагы деле иштей албаса, өздөрүнүн келечеги кандай болоорун менден дагы жакшы билишет. Таң калычтуусу азыркы бийликтегилер убакытты көп санашат…               Алмаз Шаршенович жакшы нерселерге аракет жасап жатканы менен душмандары көп. Ден соолугу начар. Жолдору туңгуюк.

-Акыркы суроо, чын эле оппозиция артка кеттиби..

-Булардын кыйынчылыгы убактылуу. Эл баары-бир колдойт буларды, бийлик оппозицияны камаса утулат, оппозициянын бийликтегилерге караганда жолу ачык.

-Маегиңизге рахмат

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: