Menu

Садыр Жапаров, экс-депутат: “Сөз эркиндиги эмес, адам эркиндиги дагы жоголду”

Бөлүшүү:
Апрель элдик революциясынын 6 жылдыгы белгиленүүдө. Андагы негизги талаптар: электр энергиясынын баасын арзандатуу, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш, люстрация, саясий куугунтуктуу токтотуу, Бакиевдерди өлкөгө алып келип жазалоо ж.б. болгон. Мына ушул талаптар аткарылдыбы? Эгерде аткарылбаса, ага биринчи кезекте кимдер күнөөлүү?
Садыр Жапаров, экс-депутат: 
– Апрель окуясына өздөрү бирге күнөөлүү болсо кантип, ал сот аягына чыкмак эле. Өзүңүз дагы ой жүгүртүп, анализ жасап көрсөңүз. Люстрация мыйзамын кабыл алышса, анда өздөрүнүн тууган-урук, жакындары ишсиз калат да. Люстрация жасаш жалпы мамлекет үчүн пайдалуу болгону менен булардын жеке кызыкчылыктары үчүн пайдасыз. Ушул себептен улам люстрация мыйзамын кабыл алгылары келишпей, алты жылдан бери созулуп келе жатат. Ал эми электр энергиясы боюнча Бакиевдин мезгилинде “1 сом 20 тыйын кылып көтөрүп салдың, биз төлөй албай калдык” деген маселени көтөрүп, анын жыйынтыгы революция менен аяктаган. Ошол революциянын шарапаты менен бийликке келген адамдар Бакиевден ашып түшүп,  2 сом 16 тыйын кылып салышты. Мурдагы баасы менен эле калтырып коюшса деле тоюшмак. Кошуна мамлекеттерге кымбатыраак сатып, ортомчулар чөнтөктөрүнө түшкөн пайданы азайтса элге жакшы болмок. Чынын айтыш керек, кымбаттаган электр энергиясы элдин капчыгына чоң зыян келтирип жатат. Ортомчу компаниялардын (балдарынын) кызыкчылыгын четке кагып, элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшса адилеттүүлү аз болсо да орун алмак.
“Революциядан кийин сөз эркиндиги орун алдыбы?”- деген суроого сөз эркиндиги эмес, адам эркиндиги дагы жоголду деп жооп бергим келет. Чындыкты айткан журналисттердин моюндарына менчик соттору аркылуу миллиондорду илишип, айрымдарын башка чаап өлтүргөнгө аракет кылып жатышат. Мына жакында эле Турат Акимовду эмне кылышты. Ал да чындыкты жазган үчүн ушундай кыйноого туш келип олтурат. Уран Ботобеков менен Дайырбек Орунбековдордун да моюндарына жеке менчик соттору аркылуу миллиондорду илип коюшту. Оппозициянын мүчөлөрүн сындырыш үчүн жалганчы күбөлөрдү жалдап келишип, кимге болбосун кылмыш ишин ачып жатышат. КТР аркылуу заматта эл душманы кылып адам укугун тебелеп, тепсеп жатышат.
Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: