Menu

Премьер Сариевге “тиш салып”, жүзүн ачкан министр Малабаев эр экен

Бөлүшүү:

Ушул күндөрү Аксарайда ички интрига күч алып, Ысык-Көлдөгү Балыкчы-Корумду жолун куруудагы тендер тууралуу жол, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев менен өкмөт башчы Темир Сариевдин ортосундагы тиреш апогейине жетип, акыры премьер-министр Малабаевди отставкага кетирүү кадамына дейре барды.
Кызыгы, тендер чатагына транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев кол койгону, уткан компанияны өкмөт башчы Темир Сариевдин жардамчысы баштаган жакындары көмүскөдөн колдоп жатканын министр Малабаев өз оозу менен айтса да, Темикең моюн толгоп, кайра Аргын мырзаны кызматтан кетирүүгө далалат жасап, бет тырмаарлыкка өткөнү кандай?
Темир Сариевдин министр Малабаевди кызматтан кетирүүгө жасаган аракети куру доомат экенин президенттин айланасы да билип, премьердин сунушун артка кайтарып, жеке маанайдагы өч алуу экенин аппараттагылар да туйгандыгын карабайсыңарбы?
Кызыгы, тендер чатагын иликтеген депутаттык комиссия да өкмөт башчы Темир Сариевди токтоосуз отставкага кетирүү керектигин бир добуштан колдоого алышса да, премьер көшөрүп, креслого тырышып жатканы таңгалдырууда. Министр Аргынбаев жетекчиси Сариевдин былыгын ачып, ага коркпой-үркпөй айбат көрсөткөндүгүнүн өзү эле анын бул иштерге тиешеси жок экенин айгинелеп турбайбы? Мындай шартта Аргынбек Малабаевдин кежир Сариевдин жүзүн ачкан кадамдарына колдоо гана көрсөтүп, иштөөсүнө мүмкүнчүлүк беришибиз керек да, туурабы?
Тендерлик иштен да жеке кулкунуна пайда табууну көздөгөн өкмөт башчынын кимге кереги бар? Мындай эренден кутулалы да эртерээк…
Ийгилик Болсунбаев   
Булак: “АЗИЯnews”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: