Menu

Мелис Турганбаев, ички иштер министри: “Мага кол салууга Жаныштын духу жетпейт”

Бөлүшүү:

Жөнөкөй турмуштабы же саясатттабы, айтор, Мелис мырза дайыма өзүнүн реалдуу пикирин айтып, жеке профессионалдуу кызматы үчүн кам көрөт. Бирок, ортодон көралбагандар ар кандай сөздөрдү таратып, каралоо жагынан күчөп турган кездери. Бул боюнча Минскидеги Жаныш Бакиев дагы жөн жатпай, “төө кыядан өткөндөн кийинки” сөздөрүн тартуулаган туру. Тескери кеткендер акыры уят болорун ойлобойбу? Кызыгы, бул жаатта генералдан суроо алуу кыйынга турду, ошентсе да биз көгөрүп, анын ой-пикирин билүүгө аракет кылдык.

–Мелис мырза, журналист Адилет Айтикеев Минскиге барып, Жаныш Бакиевден маек алып келиптир. “Генерал Турганбаевге негизги катуу сөздөрдү айтты” деген маанайда анонс кылууда…

–Анын Кыргызстандагы эң башкы душманы, “көргөн жерден жеп-жута коеюн” деген душманы менмин. Бакиевдердин чыныгы жүздөрүн ачып көргөздүк да. Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти ачканыбызды кыргыз эли билет…

–Сөзүңүзгө аралжы, башында “кулак-сөөмөй” боюнча ажырым кетсе керек…

–Анда дагы куйругун басып алдык. Раматылык Медет Садыркулов ошондо айтты да, “байкеси кечирим сурап атат, ишти башкалар улантсын…” деп. Мен ошондо эле булар менен жолум эки ача экенин ойлогом.

–2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Садыркуловдун өлүмүн иликтей баштадыңыз да?

–Ошол жылы май айында мен ИИМге орун басар болуп келдим. Мурдатан бир топ материалдар бар эле, группа түздүк, анализге ала баштадык. Баягы “кулак-сөөмөйдү” ачканга салым кошкон балдардын баарын бакиевдер жоготушкан болчу. Жумуштарын алмаштырып, айрымдары бош жүрүп калган. Мына ошолордун баарын кайра чакырып, тергөөчүлөрдү, дагы кошумча күчтөр менен атайын топ түзүп, кылдаттыкта иштедик. Баардык жагынан моюнуна коюлуп, далилденди, ошондуктан сот узак мөөнөттөр менен катаал чечимдерди чыгарды. Бирок, Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу издөөдө жүргөн адамдар дагы бар. Ушунун баарын жасап атса, кантип адилеттүүлүк үчүн күрөшпөйсүң?.. Билесиң, мен шаарда иштеп атканда бизнесмен Шон Дейли өмүрүнө кол салуу боюнча кат аркылуу кайрылган. Биз атайын топ түзүп, аныгында, ошол иш боюнча Максим Бакиев дагы соттолду. Анан булар мага душман болбогондо ким душман болот? Эсиңерде болсо, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин эл ичинде деле бакиевдерге карата эки анжы болгондой, кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болуп атканы байкалган. Адам өлтүрүүлөргө байланыштуу фактылар чыккандан кийин коомчулук алардын ким экенине ишенишкен. Жүздөрү ачылган. Анан мени булар жакшы көрөбү?

–Сизге кол салууга барышпайбы?

–Жаныштын духу жетпейт да. Мен деле чоподон жасалган жигит эмесмин. Эч кимге сыр эмес, алардын мүлктөрү башка бирөөлөргө катталып, жашыруун түрдө сатылып, акчалары жөнөтүлүп атканы боюнча маалыматтар бар.

–Ошол жагы мыйзамдуулук боюнча кандай каралат?

–Жанышка мүлктөрү өзүнө катталган эмес да. Буга чейин алар бияктагы тилектештери менен катташып эле жатышат. Башкасын айтпасак да, журналисттер, арттисттер барып келип атышпайбы. Бул жагы эч кандай сыр эмес.

–Сизден өч алуу боюнча маалыматтык согушту жарыялап атышабы?

–Бүгүн булардын тагдыры кандай болуп атканын баарыбыз билебиз да. Агасы эмне болду, өзү кантип жүрөт, көрүп эле турабыз, бирок, көңүл бургубуз келбейт. Булар биз боюнча эч качан жакшы пикирин айтпайт. Жаныш менен эч убакта мен жакын болгон эмесмин. А дээрлик күч органдарында, прокуратурада, сотто, баардык тармактагы кыйын болуп жүргөндөр “Жаныш аке” деп айланчыктап эле жүрүшчү. Азыр баары “белый и пушистый” болуп атышпайбы… Баягы 2005-жылы революциядан кийин мен шаарда УВДнын орун басары болуп турганда, Алдаяр Исманкуловду наркотик, пистолети менен кармаганбыз. Буйрутма адам өлтүрүүлөр боюнча дагы иштегенбиз. Ошол кезде мени “крайный” кылышып, жумуштан алып коюшкан. Алдаяр деген Марат Бакиевдин досу болот экен.

(Уландысы бар)

Асланбек САРТБАЕВ

Булак: “АЗИЯnews”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: