“Дүнүйөнү коронавирус каптап турганда догдурлардан башка да падышалар жана президенттер дагы коронавирусту кандай кылганда жолотпой сактанууга болот деп көп кеңештерди берип жатышат”, – деп бир нече президенттердин кеңештерин жыйнап, элге сунуштайт бүгүн социалдык тармактар аркылуу Кыргызстандын Салык инспекциясынын экс-жетекчилеринин бири Керимбек Сарбашев.
“Мисалы, Владимир Путин бал менен лимон жеп жүрүүнү айтат, Бердымухамедов Памир-Алай тоолорунун арчасынан ысырык салсаңар коронавирус жолобойт деп жатат. Ал эми Белоруссиянын президенти Лукашенко арак менен колуңарды күнүнө үч маал чайкап, 75 граммдан ичип турсаңар вирус өмүрү жолобойт дейт. А биздики болсо 2 жашар тайдын эти дары болот деп жатат. Мына чучугуң көрдүңөр, казы, карта, карын, кашка жилик кайнайт, кабыргалар тим эле былкылдап бышканда этинен жеп, сорпосунан ичсеңер коронавирус жолобойт… Падышалар бул кудайдын жердеги амири, падышанын айтканын кылыш керек – мага Лукашенконун кеңеши аябай жакты. Давай эсен болгула!” – деп кеңешин жыйынтыктайт Керимбек Сарбашев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ