Menu

Тажикстанда “ТАЛКО” менен Каржы министрлигинин ортосунда жаңжал чыкты

Бөлүшүү:

Тажикстанда алюминий иштеткен  «ТАЛКО»  заводу Каржы министрлигинин ишкананын ишмердүүлүгү боюнча таркаткан билдирүүсүн жокко чыгарды.

Өлкөнүн каржы министрлиги компания толлинг системасына өтүү менен чыгымдарга кириптер болуп, каржы операциялары ачык-айкын жүргүзүлбөй, карыздары көбөйүп, оор абалга кептелгенин жарыялаган. Бирок «ТАЛКО» бул билдирүүлөр туура эмес экенин айтууда.

«ТАЛКО» компаниясы Каржы министрлигинин 1,1 миллиард долларды мамлекеттен жашырып жатат деген айыптоолору негизсиз экенин баса белгиледи. Ишкана министрлик ушуну менен экинчи жолу туура эмес маалыматтарды таратып, кадыр-баркка шек келтирип, инвестиция тартууга жолтоо болуп жатат деп эсептейт. 2014-жылы Каржы министрлиги бул компания банкорт болуу алдында турарын жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: