Menu

Өкүл Жумагүл Эгембердиева Базар-Коргон районунда жазгы талаа жумуштары менен таанышты

Бөлүшүү:

Иш сапарынын алкагында өкүл Жумагүл Эгембердиева 8-апрелде Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагынындагы дыйкандардын жазгы талаачылык багытында жүргүзүп жатышкан иш аракеттери менен жеринде таанышты деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Өкүл Жумагүл Эгембердиева күздүк буудай, чеснок жана уруктук пияз өстүрүү иш аракеттери менен астейдил маңдай терлерин агызып иштеп жатышкан дыйкандар Азимжан Худайбердиев жана Насипжан Тургунов менен алардын үлүшкө тийген жеринде баарлашты. Азимжан Худайбердиев өзүнө таандык болгон 0,56 сотых аянтта өстүрүлүп жаткан дыйканчылык иштери туурасында өз максаттарын айтып берди.
– Өткөн жылы буудайдын түшүмдүүлүгү гшектарына алыпе эсептегенде 71 центнерден айланды. Мындай жогорку түшүмдүүлүктү камсыз кылуу үчүн эң алгач мыкты үрөн тандалып, агротехникалык эрежелер так сакталышы жана минералдык, органикалык семирткичтер өз убагында жана талаптагыдай өлчөмдө берилгени оң. Албетте, айыл чарба багытындагы өсүмдүктөрдү кандыра сугаруу маселеси дагы башкы орунда турат,- дейт тажрыйбалуу дыйкан Азимжан Худайбердиев.
Чеснок июнь айынын аягында толук жетилип, бышып, анын бошогон аянтына экинчи жолу түшүм алуу максатында сабиз эгүүгө болот. Мындан сырткары буудайдын бошогон аянтынан дагы экинчи түшүмдү жетиштирип алууга боло тургандыгын бул дыйкандар жыл сайын иш жүзүндө ырастап келишет.
– Иш билги тажрыйбалуу бул дыйкандардын талаа аянттарына айыл аймагындагы башка фермерлер менен дыйкандарды чакырып, атайын көргөзмөлүү семинарларды өткөрүп турабыз. Алар өздөрү билген дыйканчылык ишиндеги сырларын жана иш тажрыйбаларын башкаларга үйрөтүүдөн эч качан зериккен эмес,- дейт Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы Абдыкадыр Жолчуев. Базар-Коргон айыл аймагында 3,5 миң га сугат жерлери бар.
Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: