Menu

Ооз ачырган кызыктар, он миң сомдук мышыктар

Бөлүшүү:

Ит базарда соода саат сайын болот

 Ишемби-жекшемби күндөрү Бишкек шаарындагы ит базарда бут коерго жер жок. Бул күндөрү сатуучулардын көбү ит-мышык, канаттуунун түрлөрүн, көчөт сатканы чыгышат. Чарбасын көбөйтүп, жакшыртуу максатында базар аралаган сатып алуучулардын саны да аз эмес. Элдин агымы менен кошо биз да балапан багуунун сырлары, үй жандыктардын баасы менен тааныштык.

 Жаздын бир күнү кыштын он күнүнө барабар дешет куш базарында соода кылып отургандар. Кайда барба колдон келишинче ар бир күндү текке кетирбей пайдасын көрүп калуунун камын көргөндөр. Сезон азыр жакшы баштала элек дейт сатуучулар. Алардын үмүтү апрелдин аягы май айынын башы менен акталат. Ушул убакта сатып алуучулардын саны да арбын болот экен.
Күнгө кактанып, көзүн үлдүрөтүп турган жөжөлөрдүн туруктуу үй-жайы ушул торчолор. Тоок көбөйтөм деген кардардын негизги милдети — тизилген балапандарды жаңылбай, сатуучуга алданбай жакшысын тандоо. Көлөмүнө карай баасы  да ар түрдүү, ошентсе да арасынан жүдөөсү, жүнү тирүүсү бар. Сатуучулардын бири Айнагүл Алымбаева көп жылдан бери балапан сатып бизнес кылат. Балапанды кантип тандап, кандай багыш керек деген суроого сатуучу төмөнкүдөй жооп берди. Айнагүл эже бир күндө 1000 балапан сатат.

Кыргызстанда тооктун канча түрү бар? Айырмачылыгы эмнеде?

Изображение 470-min— Баш-аягы тооктун 150 түрү бар. Учурда докомбар, кучинский, бройлер, радонит, несушка, рама деген түрү кеңири тараган. Кучинский этти да, жумуртканы да жакшы берет. Докомбар болсо мушташтырганга жакшы, ал эми бройлер эттүү тоок. Айтор, ар биринин өз артыкчылыгы бар. Сусарка деген  тооктун түрү жумуртканы жакшы берет. Тоокту түрү менен багам дегендер корозун улам алмаштырып, тукумун жаңылап туруш керек. Азыр шаардагылар мындай турсун, тээ Нарын, Жумгалда жашагандар кызыгып, тоок түрүн көбөйтүп жатышат.

— Балапанды кайсы мезгилде алуу ылайык? 

— Негизи балапанды март айынын башынан баштап эле ала бериш керек. Күн салкын кезде чыккан балапандар сергек болуп тез чоңоет. Эрте жазда чыккан балапандардын организми күчтүү болуп, жакшы бакса күзүндө жумуртка тууп башташат. Аны көбү билбей, кенебей жүрө берип жайында жөжө алганы келишет. Күндүн ысыгында сызгырылып турган немелер жүдөп тез өлүп калганы да ошондон. Жаңы чыккан балапанга баладай кам көрүү зарыл. Алгандардын көбү туура эмес багып өлтүрүп алат да, анан силер оорукчан жөжө сатасыңар деп бизге доомат коюп келишет.

— Сиз кандай жол менен көбөйтөсүз?

— Өзүмдүн отуз эле тоогум бар. Базарга алып чыгып сатып жаткандарын досторуман, туугандарыман чогултуп алгам. Убагында туугандарыма тоок кармаганды үйрөтүп койгом. Мен аларга жумуртка таап берем, алар мага чыгарып беришет. Өзүм инкубатор кармайын десем шарт жок.

— Бир тоок канча жумуртка басат?

— Көлөмүнө жараша 18-29ду салса болот. Эгер тоокту ондон ашык балапаны менен алып чыкса жакшы баада өтүп кетет. Инкубатор көлөмүнө карата ар кандай баада сатылат. Мисалы, 50 000 сомдук инкубаторго эки жарым, үч миңге жакын жумуртка салынат. Ал он сегиз — жыйырма күндө чыгат. Каздыкы жыйырма сегиз күндө чыгат. Бирок тоок басып чыгарган балапан менен инкубатордон чыккан балапандын айырмасы асман менен жердей. Балдар үйүндө чоңойгон бала менен ата-эненин колунда чоңойгон баладай.

Мисалы, алыскы жолго чыга турган болсок кандай балапан алган оў?

— Алыскы Ош, Жалал-Абадка бир күндүк балапандарды алып кетип жатышат. Анткени алар жол жүргөндө дароо уйкуга киришет. Тамакты талап кылышпайт. Ал эми эки-үч күндүк балапандардын канаты кылтыйып чыгып калат. Алар жолдон ачкадан же бири-бирин тебелеп өлтүрүп салышат. Эгер чоў балапанды сатып алып алыс жолго чыга турган болсоўор анда кутучага өтө жыш эмес, ашып кетсе 5-8 балапан салуу керек. Учурда бир күндүк балапандар 30 сомдон, 3 күндүк балапандар 70 сомдон сатылып жатат.

Жөжө багуудагы жөнөкөй кеңештер

Изображение 468-min Балапанга сөөк кошулган ун берүү керек. Базарда «костная мука» деп даяр сатылат. Жүгөрүнү кургак бойдон берүү зарыл. Эгер жүгөрү көгөрүп кетсе балапан дароо өлөт. Канаттуулар деле адам сыяктуу тамактануу рационун кеңейтип, күнүгө ар башка жем жегенди жакшы көрөт. Андыктан буудай, арпа, жүгөрүнү аралаштырып берген оң.

 —  Балапан алгачкы он күндүн ичинде өзгөчө камкордукка зар. Аны ар бир эки саат сайын жүгөрүнүн майдасына быштак аралашылган тамак менен тойгузуу керек. Онунчу күндөн кийин сууга бышкан картошка, сабиз, ашкабак берсе болот. Ар бирине 30-40 грамм порция туура келиш керек. Калдыктарын жеп бүткөн соң дароо тазалоо керек. Чириген картошканын же сабиздин калдыгын жесе өлөт.

Алгачкы күндөрү алардын жаткан жеринде 32-30 градус жылуулук болуш керек. Алты күндөн кийин 29-26, он күндөн кийин 25-23, бир айдан кийин 19-17 градуска чейин азайтса болот. Жөжөлөр тынымсыз чыйпылдап жатса, демек алар үшүп жатканын билдиргени.

 Каздын балапаны тооктукуна караганда чыйрак келет. Алгачкы беш күн жакшы «мамиле» жасап көзүн карап койсоңуз андан кийин өз арбайын согуп кетет. Каздын балапандары жемге караганда жашыл чөпкө зар.

 Үндүктүн балапанын нааразы болгонуна карабай энесинен ажыратып алган оң. Энелери калдактап тебелеп алып көп учурда балдарын өздөрү өлтүрүп алышат. Канаттуулардын арасынан жүгөрүгө бат семиргендер ушул үндүктөр.

 Балапанга он беш күндөн кийин ооруга каршы мурдуна ласота дарысын тамызып, бир айдан кийин эмдөө жүргүзүү керек. Чума оорусуна каршы бир куту дары 35 сом турат. Ал 100 тоокко кенен жетип, алты айга чейин оорудан сактайт.

Ит базарында соода саат сайын болот

Изображение 463-minЭң эле кымбат деген иттер немис овчаркалары 500 доллар экен.
Андан кийин катар сатыла турган иттердин арасынан чылгый кара, күрөң иттер көзгө илинди. Бул порода шарпей деп аталат. Баасы 350 доллар деп сураган орус кожоюндар «Бул породадагы иттер негизи кымбат, күчүк кезинде эле кымбатка сатылат» деген оюн билдиришти. Ал эми кыргызга мүнөздүү жыты жакын тайгандар да немец овчаркалардан кем калбайт. Драткан деген породадагы тайганга окшош иттердин ар бирине ээси 400 доллар сурап турган кези.

Базардын басымдуу бөлүгү алабай деген породадагы иттер. Жаш курагына чектөө жок. Бир айлык күчүктөрдөн тарта төрт жаштагы чоў иттерди да тапса болот. Бир ай он күндүк  кичинекей ак күчүк 250 доллар, немец породадагы эки айлык күчүктөрдүн бирөөсү 8000 сом, үч айлык шарпей 8000 сом (күрөң иттер), симбирна эки айлык 8000 сом (сулуу күчүктөр), 4 айлык азият күчүгү 6000 сомдон сатылууда. Кавказец деген породадагы бир айлык төрт күчүк 500 доллар, русский фаниель деген кулагы узун күчүктүн бирөөсү 1700 сомго бааланат. Бир айлык азият породасындагы  күчүк 100 доллар.

Изображение 478-minКичинекей күчүктөрдү сатуу үчүн базарга өздөрүн гана алып келбестен, алардын энелерин кошо алып келишет. Күчүктөр сатылып бүткүчө энеси жанында жатат. Күчүктөрдү кардарлар келип алып кетип жатканда чоң иттер кадимкидей кызганып, бергиси келбей айбат көрсөтүшөт. Баса белгилеп кетчү жагдай, жогорудагы кымбат баага сатылып жаткан иттин ар бири убагы менен эмдөөдөн өткөн. Болочоктогу ээсине өздүгүн, асыл тукумдугун тастыктай турган документ менен кошо берилет. Кээ бир амалкөй сатуучулар көчөдөгү багар-көрөрү жок күчүктөрдү деле жууп-тазалап сата берет. Бул базарда ата-энесин ээрчиген балдар арбын. Алардын көзү кичинекей күчүктөрдөн өтүп, кымбаттыгына карабай ата-энесине саттырып алып жатканына күбө болдук. Ушул жерде 6 жылдан бери ит сатып жан баккан Денис Умаров базардын айрым былыктарын айтып берди.

— Мен алабай породасындагы күчүктөрдү сатам. Өтө деле кымбат эмес, эў мыктысы 3000-5000 сомго чейин сатылат. Көбүнчө интернет аркылуу соодалашам. Социалдык тармакта иттеримди көргөндөр үйдөн алып кетишет. Бүгүн базарга төрт күчүк алып чыккам. Азыр экөө калды.

— Сиз дагы өздүгүн тастыктай турган документ бересизби?

— Документ деген жөн эле элди алдоо. Андай документти ар бир экинчи ветеринардык клиникадан жасатып алса болот. Мисалы, шарпей породасындагы ит деп калп эле жасалма документ менен 100 доллар кошуп саткандар бар. Чынында андай эмес.

— Өзгөчө породадагы иттерге элден башкача тамак керек дешет?

— Жок. Итке ашыкча чыгым жумшап кереги жок. Эл катары эле ботко, тамактын калдыктарын жешет. Кээ бирөө атайын иттин азыктарын беришет. Салыштыруу үчүн айта кетсем педигри деген тамак кириешки сыяктуу жагымсыз эле болот. Кымбат экенине карабай аны ар бир эле ит жей бербейт.

 Мышыктар…

Изображение 487-minБалдардын сүймөнчүлүгүнө айланган дагы бир жандык — мышыктар. Бул базарда алардын түрү арбын. Мисалы, канадалык сфинкс породасындагы бала мышыктын баасы 4000 сомдон жогору. Ал эми шотландиянын скоттиш-фолд породасындагы мышыктын баасы 10 000 сом турат. Бул мышыктын башкалардан артыкчылыгы – кишиге өтө жакын. Кулагы тикчийбей жатып турат. Булар менен кошо кадимки үй мышыктары да сатылат. Алардын баасы 400-700 сомдон. Сатуучулардын айтымында, асыл тукум мышыктын ата-энесинин, асыл тукум экенин тастыктай турган сертификат берилет. Ал документ менен кийин мышыктардын көргөзмөсүнө катышууга мүмкүн. Ал эми катардагы мышыктарда андай мүмкүнчүлүк жок.

 

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: