Республикабыздын мамлекеттик кызматтарында иштеген айрым кызматкерлер чет өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн жашыруун маалыматтарды сатып, шипиондук кылгандыгы үчүн соттолгон учурлар көп эле ачыкка чыгууда. Жакында эле мындай “ишмердүүлүк” боюнча мурдагы премьер-министр А.Муралиевдин Алтынбек деген Өкмөттө жашыруун документгер менен иштеген уулу соттолгон. Бирок губернатор, вице-премьер-министрлердин да өз өлкөсүнө чыккынчылык жасагандыгын мурда угуп-көргөн эмеспиз. Өткөн жумада Шабнами Собири аттуу “Бирдиктүү Тажикстан” оппозициячыл элдик кыймылынын кабарчысынын e-tadjikistan.org сайтына “Кыргызстандын өкмөтундө Тажикстан ГКНБсынын агенти иштеп жатат” аттуу макаласы жарыяланып, ал кыргыз гезиттерине которулуп басылды. Анда Өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы өкүлү, учурдагы вице-премьер-министр Жениш Разаков тууралуу сөз болот. Макалада Тажикстандын президентинин колунан 2-баскычтагы “Спитамен” ордени менен ГКНБ чалгынчысы подполковник Мирзоев Зоир сыйлангандыгы, дал ушул адам 2000- жылы Согдий областы боюнча ГКНБ башкармалыгынын чалгынчысы болуп иштеп турган кезинде, компроматтуу материаддарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын Баткен областынын Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Ж.Разаковду вербовать этап алгандыгы, андан ары губернатор, вице-премьер-министрликке көтөрүп, президенттикке даярдап жаткандыгы айтылган. Эми биздин УКМК бул макалага кандай жооп кайтарат болду экен?!
Булак: “Майдан”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ