Бүгүн, 29-июнда саат 10:00дө КР БШК ЖК депутаты Бакыт Төрөбаевдин ишенимдүү өкүлдөрүнөн аны КР Президенттигине талапкер катары каттоо үчүн талап кылынган документтер топтомун кабыл алды. Бул тууралу КР ЖКнын “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын катчылыгынан билдиришти.
Эсиңиздерге сала кетсек, 27-июнда өткөн “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын VI курултайынын делегаттары бир добуштан Бакыт Төрөбаевди КР Президенттигине талапкер катары колдошкон.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ