Menu

Кыргызгидромет: 15-апрелден 19-апрелге чейинки аба ырайы

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 15-апрелинен 19-апрелине чейин аба ырайы.
Шашылыш билдирүү!
2016-жылдын 14-16-апрелинде абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (Төө-Ашуу ашуусу 121-137 чакырым, Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы 198-250-265 чакырым) жана Каракол-Эңилчек (Чоң-Ашуу ашуусу 75-83 чакырым) жана Ала-Бука-Канышкыя (Чапчыма ашуусу 70-80 чакырым) авто унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Бишкек шаарында 15-апрель күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 15-апрель күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат ылдамдыгы секундасына
1-6 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…10° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 23…25° жылуу болушу күтүлөт.
15-апрель күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Алай өрөөнүндө бир аз жаан-чачын жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
16-апрель күнү жана 17-апрель күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
17-апрель күнү күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
18-апрель күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт.
19-апрель күнү жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: