Жогорку Кеӊеште өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салууга, каржылык ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган «КР айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Тамактык комитеттин төрайымы Галина Скрипкинанын айтымында, мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган долбоорунан кыйла айырмаланып турат. Мыйзам долбоору аркылуу «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», «Юридикалык жактарды, алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга, КР Кылмыш кодексине негизинен эки өзгөртүү киргизилүүдө: биринчиси – «эл аралык коммерциялык эмес уюм» деген түшүнүк чечмеленип берилет, экинчиси – алар ачык-айкын иш жүргүзүп, өз бюджетин жарыялоого тийиш.
Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева өкмөт бул мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1,5 миӊден ашун чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм иштейт. Мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөдөн каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын баары мамлекеттик каттоодон өтүп, каржылык чыгымдары тууралуу отчет берүү менен, аларды жарыялап турууга тийиш.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ