Menu

Кыргызстан 2022-жылдан тартып CASA-1000 долбоору аркылуу 15 жылда 23 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттойт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу каты макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалуу боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, Кыргызстан 2022-жылдан тартып CASA-1000 долбоору аркылуу 15 жыл аралыгында 23 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттойт. «Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн электр кубатын берүү линиясынын жалпы узундугу 450 чакырымга созулат. Электр энергиясы май-сентябрь айларында берилет», – деди ал.

Андан тышкары, электр кубатын экспорттоодо азырынча тобокелчилик деле жок. Анткени, ушу тапта бир катар ГЭСтердин жабдуулары жаңыртылып жатат. Экспорттолгон электр энергиясынын ар кВт/сааты негизинен Ооганстан менен Пакистанга 5,5 центтен сатылмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: