Кылым чуусундай эле чурулдап аткан Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолу дагы бир өкмөт башчыны ээрден шыпырса, дагы бир өкмөт башчы боло турган адамдын башын ачты. Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш дейли. Бирок так ушул «сахналаштырылган оюндун» дирижеру болгон Аргынбек Малабаев деген министрибиздин жоопкерчилиги тууралу кандай чечим болоор экен? Ооба, Малабаев Сариевдин бет кабын сыйрып эрдик кылды дейли. Анысына баракелде! Бирок, капталдан качырып чыккан суроо туулат, бул эргул жол салуудагы иттикти эмнеге так ошол тендер өткөн маалда айтып чыккан эмес? Түштөн кийин «тескери ушатып» чыгуусуна эмне себеп болду? Жооп издеп көрөлүбү? Балким, аталган Кытайлык компаниядан «доля» алыш үчүн оозун учурунда эки колу менен басып, анан ортодон колуна эч нерсе тийбей калганда кошкон кошогубу? Эгер андай болсо Аргынбаев да кылмыштуу ишти, коррупциялык схеманы жаап-жашыргандыгы үчүн жоопко тартылышы керек да. Ырас, бул эргул дагы кызматтан четтеп, өз жазасын алышы керек. А балким Аргынбек мырзанын «долясы» колуна тийгенде эмне болот эле? Жабылуу аяк болуп, баардык иш аргындашып эле жатып калмак беле? Аргынбаевич менен Аргынбек мырза жол бизнесинде «аргындаша» албай койгондугу үчүн ким жооп бериши керек? Албетте экөө тең.
Булак: “De-facto”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ