Menu

Куулган Сариев, кубулган өкмөт

Бөлүшүү:

Тендер чыры менен отставкага кеткен Темир Сариевдин ордуна 13-апрелде Ош облусунун мурдагы губернатору Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки 27-өкмөт башчы болуп шайланды. Жогорку Кеңештин депутаттарынын дээрлик баары колдоду. Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамында анчейин деле жаңылануу болгон жок. Болгону, биринчи вице-премьер министр Аалы Карашевдин ор­дуна Соцфонддун төрагасы Мухамметкалый Абылгазиев, Өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин ордуна Улуттук статистика комитетинин терагасы Акылбек Осмоналиев, ал эми транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевдин ордуна аталган министрликтин алдындагы Жол чарба департаментинин жетекчиси Замирбек Айдаров келди. Өкмөттүн курамы анчейин өзгөрбөгөнүн Сооронбай Жээнбеков жаңы министрлерди тандоого убакыт жок экени менен түшүндүрүп, азыркыларды эле ордунда калтыруу өтүнүчүн өзү келтиргенин айтты. Ошондой эле, эгер жакшы иштебей жаткандар болсо өкмөттүн курамын өзгөртүүгө мажбур болорун кошумчалады. Кийин дебей, азыр эле Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева, Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиевдерге окшогон илең-салаң иштегендерди дароо эле алмаштырып салса болмок. Кыйраткандарын көргөн жокпуз.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: