Menu

Ишенбай Кадырбеков: “Конституцияны өзгөртүүгө бир дагы негиз жок”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Баш мыйзамыбызды өзгөртүүнүн зарылдыгы жок деген пикирин «Азаттык» сайтына берген маегинде айтты. Ал: —«Учурдагы тарыхий Конституцияны өзгөртүүгө бир дагы негиз жок. Мурдагы Акаев менен Бакиев баштап койгондуктан маселе жаралып калса эле баш мыйзамды өзгөртүш керек деген өнөкөт пайда болуп калды. Учурда Курултай боюнча да көп сөздөр айтылып жатат. Курултай эгерде чын эле элдин керегине жарай турган болсо мыйзам чыгарып бериш керек. Жок алардын максаты кайсы бир саясый топтун кызыкчылыгы болсо элдин өкүлдөрү отчет берип олтурмак беле? Курултай эмне экенин билбей туруп, кантип ага макул болобуз. Расмий тилди жок кылуу боюнча да маселе көтөрүлүп жатат. Расмий тилдин негизинде балдарыбыз, неберелерибиз билим алып жатышат. Канчалаган мигранттарыбыз жашап иштеп, Кыргызстанга салымын кошууда. Конституция орусча жазылып турса, кыйынчылык алып келип жатабы?» – дейт. Кадырбековдун сөздөрүндө негизинен чындык бар. Мыйзам менен иштеген өлкөдө курултай эмес, башкы мыйзам иштөөсү зарыл. Мындан сырткары расмий тилдин азырынча таптакыр эле үстөмдүгү жок, кыргыз тили кордолуп тебеленген жок. Тил маселесине келгенде биздин айрым оппозициядагылар Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилеге доо кетиргиси келип жатабы деп ойлонууга аргасыз болосуң.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: