Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан келген туристтер Ысык-Көлгө түшүүдөн баш тартышты. Анын себеби дааратканалардын жоктугу болгон. Бул туурасында Facebook социалдык тармагында Александра Мельникованын жазган.
Ал конок болуп барган үйдүн кожоюну БАЭден келген туристтерди кабыл алган жана аларды Ысык-Көлгө алып барып келүүнү чечкен. “Алар пляжда ары-бери басып жүрө беришти, сууга барышкан жок. Бир аз сейилдеген соң алар кайра Бишкекке алып кетүүнү суранышты. Эмне болду деп сураганда, алар “бир да даараткана көргөн жокпуз, демек адамдар сууга заара кылып жатышат. Биз беш маал намаз окуйбуз, биз мындай сууга түшө албайбыз – бул харам” дешти. Мына, чын эле. Халал колбаса бар, торттор бар, а пляждарга даарткана коюу – бул акыркы аргумент окшойт”, – деп жазды Мельникова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ