Menu

Видео – Молдомуса Конгайтиевдин уулун сабап, камалып жаткан экс-бажычы Эмил Кимсановду СИЗОдо сабашканбы?

Бөлүшүү:

Мурдагы ИИМ башчысы Молдомуса Конгайтиевдин уулун сабаган деп шектелген Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмил Кимсанов СИЗО-1 мекемесинде сабалды. Бул тууралуу видеотасманы анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева бүгүн, 16-июнда  Facebook  социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

Адвокаттын айтымы боюнча, ал кечээ СИЗО-1 тергөө абагында Э.Кимсановдун сабалгандыгы жөнүндө видеотасманы алган. 

“Видеодо көрүнгөндөй эки жаран Кимсановду сабап жатышат. Аны ал жакта күтүп жатышкан, анын сабалганын кожоюнуна көрсөтүү үчүн видеого тартышкан. Аны 3-апрелде, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайынан СИЗО-1ге которгон күнү сабашкан” – дейт адвокат.

Белгилей кетсек, ИИМ Эмилбек Кимсанов 2018-жылы Чүйдө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулун токмоктоо боюнча шек саналып, аларга издөө жарыяланганын маалымдаган. Кимсанов 20-февралда Россиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, бир сутка ичинде Кыргызстанга алынып келинген. 22-февралда Биринчи май райондук соту аны жаш балдары бар экенин эске алып, бөгөт чарасын үй камагына алмаштырган чечим чыгарган. Анын адвокатынын айтымы боюнча, ошол учурда, белгисиз себептерден улам, тергөөчү алмаштырылган, бирок алар билген эмес, Кимсанов Бишкекке келгенде Ички иштер министрлиги тарабынан күч менен кармалган, ИИМ Кимсановду камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Эмилбек Кимсановду Биринчи май райондук соту 31-мартта камакка алганы, учурда ал Бишкектеги №1 тергөө абагында экени белгилүү.

https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/587034238891826/

https://youtu.be/vrC2QtLNKgw

https://www.youtube.com/watch?time_continue=2&v=Q0HcUJ0sGjY&feature=emb_title

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: