Menu

Өкмөткө мамлекеттик тилди билбеген кызматкерлердин тизмесин тез арада тактоо тапшырмасы берилди

Бөлүшүү:

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын аткарылышы  парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 25-апрелдеги жыйынында каралды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиеванын маалыматында айтылгандай, “2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы” бекитилген. Аны ишке ашырууга каралган жалпы каражат 493 млн.600 миң сомду түзөт. Анын 243 млн. 64 миң сому 2015-жылга каралып, 678 миң сому республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Ал эми 2016-жылга 174 млн. 600 миң сом ажыратылмакчы.

Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат чөйрөсүндө 2015-жылдан бери 16 органдын 760 кызматкери “Кыргызтест” системасы аркылуу тил билүү дараметин сынап көрүштү.

Талкууда депутат Кенжебек Бокоев “Тилдин тазалыгын камсыздайбыз десек анда эң жок дегенде “статьялар” деген термин беренелер деп толук которулуп, калыптанышы керек. Ошондой эле мыйзамдын 9-беренеси эч кандай аткарылган жок”, – деген пикирин ортого салып, президент, ЖК төрагасы, өкмөт башчы, Жогорку Соттун төрагасы мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү болсо, анда алардын кол алдыда иштеген кызматкерлери эмне үчүн кыргыз тилин билбеши керек?- деген суроо салды.

Ал эми депутат Евгения Строкова “Союздун убагында башка мамлекеттерде өз эне тилдери окутулган болсо, Кыргызстанда гана кыргыз тили орус мектептерде окутулган эмес. Тилден аксаганыбыз ушунда”,- деп калпыстыкты өткөн заманга түртө салды.

Депутат Рыскелди Момбеков “Кыргыз тили “кыргыздар” менен “киргиздердин” ортосундагы талаш-тартыштын айынан эгемендик алгандан бери деле өнүккөн жок. Ар бир жыйын мамлекеттик тилде өткөндө, кооз сүйлөгөндөр азаймак”, –  деген оюн билдирди.

Комитет “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалымат эске алынсын деген корутундуга келди. Ошондой эле өкмөткө мамлекеттик тилди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттендирилген мамлекеттик кызматкерлердин тизмесин тез арада тактоо тапшырмасы берилди. Интернет жана башка маалымат-технологиялык ресурстар аркылуу мамлекеттик тилди жайылтуунун тиешелүү чаралары да көрүлмөк болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: