Өзөндүн эки жээги сымал бирикпеген саясатчылар бүгүнкү күндө “Референдумга жол жок!” деген ураан алдында баш кошуп жатышат. Бирин-бири көргүсү келбеген, “бери карап ырсайып, ары карап ыйлаган” саясий артисттердин сүйүүсү канчага созулаары белгисиз. Эзели саламга келип, бет карашпагандардын биригүүсүн Адахан Мадумаров: “25 жыл ичинде бири-бирибизге саламга келбеген адамдар бүгүн бир кыймылга биригип отурабыз. Бул эмнени билдирет? Кыргызда “түгөнгөн сайын түтөгөн” деп айтылат. Түтөгөн учур келди. Биздин башкы максат – бийликтин референдум өткөрүү аракетин токтотуу”, – деп сыймыктануу менен сүрөттөдү. Мурда-кийин саламга келбей жүрүшкөндөрдөн эл ырыстуу жаңылык күтмөк беле…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ