Menu

КАЙРЫЛУУ: “Кубанычбек Кадыров жана башка оппозиция өкүлдөрү, чындыкты айтып чыкканы үчүн, камакка алынып жатышат…”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге, Талас облусунун жаштарынын атынан массалык-маалымат каражаттарынын  өкүлдөрүнө КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сизге кайрылганыбыздын себеби, Улуттук Оппозициялык Кыймылдын Лидерлери Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбековтордун камака алынышын, биз жаштар, саясий куугунтук деп эсептейбиз. Сизге белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын, Баш мыйзамынын талаптарына ылайык, ар бир жаран өз оюн айтууга укуктуу. Ар бир өнүккөн мамлекетте сөзсүз түрдө оппозиция болушу абзел, бул демократиянын белгиси.

Кубанычбек Кадыров жана башка оппозиция өкүлдөрү, бүгүнкү күндөгү мамлекетибиздеги болуп жаткан саясий кырдаалды, чындыкты айтып чыкканы үчүн, камакка алынып жатышат. Чынында эле, бүгүн мамлекетибиздеги кайсы тармагын албайлык, өнүгүү эмес, тескерисинче артка кетип жатканы абдан өкүнүчтүү, Сизге билинбегени менен, бүгүн карапайым эл, абдан эле кыйналып жатышат, өзгөчө электр энергиясына баалардын кымбатташы, социалдык төлөмдөр, анысы аз келегенсип эми, чек ара маселелери кооптуу жаратып, коомчулукту түйшүккө-дүрбөлөңгө салууда. Баса белгилеп айта кете турган болсок, учурунда Сиз дагы Бакиев бийлигине оппозиция болуп, каршы чыгып жүргөнсүз, ал күндөрдү Сиз эстен чыгарбашыңыз керек. Ал эми күндө КТРКдан көрсөтүп жаткан аудио жазууга коомчулук көп ишенбей, кооптонуп жатышканын айткыбыз келет.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Биз Сизден Улуттук Оппозициялык Кыймылдын Лидерлери Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбековторго карата саясий куугунтукту токтотууну жана аларды камактан тез арада чыгарууну талап кылабыз. Бул саясий куугунтуктун арты жакшылык менен бүтпөөрүн эскертип айткыбыз келет. Эң негизгиси акаев, бакиевтердин тагдыры бизге сабак болушу керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: