Menu

Нурмат Садыров, ырчы: “Эч кимди атаандаш катары көрбөйм…”

Бөлүшүү:

“Көздөрүңдөн жылдыз жанат”, “Менин сүйүүм бир ашыгат сага” – деп ырдап, далай кыздардын жүрөгүнө чок салган ырчы быйыл жемиштүү иштеди. Ырлары хит болду, өзүнүн айтымына караганда жакшылыктарга да көп чакырылат. Жыл аяктап калгандыктан ырчы менен өткөн жыл, келээрки план, анан достору четтен коштошуп аткан бойдокчулугу тууралуу маектештик.

-Нурмат, жаңы жыл күнгө көп чакырууларды алсаң керек… Ал күндү ким менен тососуң?

—Былтыр жаңы жылды Түркияда тоском. Таптакыр окшошпой калып, кыжаалат болдум эле. Быйыл буюрса апамдын маңдайында, Бишкекте бир тууганларымдын жанында олтуруп тосом деп абдан даярданып жатам. Чакыруулар чынын айтсам абдан көп. Бирок кечке чейин гана ырдайм. Кечинде сөзсүз үйдө болом. Апамдын чайын ичип олтурганым чоң бакыт, акча деп эле баарын таштап кете албаймын.

-2019-жылы күйөрман кыздарды ыйлатып, үйлөнүү ниетиң болсо керек?

—Баардыгы Кудайдын буйругу менен болот. Эгердс жүрөгүм каалаган кызды тапсам дароо үйлөнөм. Кыз  таппай дагы үйлөнбөй каламбы деп дагы деле чочулап жүрөм. Ушул жылы апама үй белек кылдым, чыгармачылыгым да жаман болгон жок. Хит ырларды жаратып, клиптерди тарттым. Тойлорго чакыруулар буюрса, абдан көп. Элден калбай, ашып да кетпей кыбырап жүрөм. Ушуга шүгүр. Жараткан бактыма жакшы кызды жазып койсо эмдиги жылы үйлөнүп, жемиштүү иштейм деп жүрөм.

—Кичи мекениңе көп барбай калдың, сага жердештериң таарынбай элеби?

—Ата-энем Бишкек шаарында тургандыктан көп деле кичи мекениме барбай калдым. Ал жагын мойнума алам. Токтогулдун Торкент айылынын уулу экениме абдан сыймыктанам. Сахналаш досторумду кошо ала барып жыл сайын бекер концерт берем. Бул мен үчүн салт болуп калган. Быйыл да салтты бузбай концерт уюштурдум, эмдиги жылы да өткөрүлөт. Ал күндү абдан күтөм, өзүм өскөн жер, жердештерим, көзүмө жылуу учурап жүрөгүмө өзгөчө жагат.

—Көп ыр жазып, клиптерди көп тартпай калдың. Мунун себебин продюсериңдин жоктугу десек болобу же өзүңүздүн бир аз жалкоолугуңбу?

—Өзүмдүн жеке жумушума байланыштуу бир аз тыныгуу алгам. Андыктан күйөрмандарым «качан клип тартасыз» деп күтүп жатышат. Менимче азыраак ырдап койдум окшойт. Жыл жаңыраары менен жаңы клиптин бет ачаарын өткөрөм деп турам.

—Ырчылар кышкы убактарда жылуу жактарда эс алышчу. Сенде да пландар барбы?

—Мен деле алардын катарынан калбай эс алып келем. Өткөн жылы жылуу жактарга барып  эсалгам. Негизи көп эле чыгып, эс алып келгим келет. Бирок жумуштарым, чакыруулар абдан көп. Аларды таштап
кете албай жүрөм. Эми кышында көп деле жумуш болбойт. Ошол үчүн кыш болбогон өлкөгө эс алып келем деп баарын даярдап койдум. Жол түшкөн күнү кетип калам.

—Көгүлтүр отто ырдайсыңбы?

—«Сага» деген ырым быйыл көпчүлүктүн көңүлүнө абдан жакты. Көп суранышат, угушат дегендей. Ошол үчүн көгүлтүр отто ушул ырды ырдайм. Учурда жаңы форма тиктирип даярдап койгом. Эки-үч күндө тартуу иштери башталат. Эч кандай деле тоскоолдуктар болуп капаланган жокмун. Режиссёрлорго рахмат, жыл сайын өздөрү чакырып, ырдатып, мени унутушпайт.

—Ырчылардын ичинен кимди атаандашым деп билесиң?

—Сахналаштарымдын ичинен эч кимди атаандашым деп баса көрсөтпөйм. Баланча ырчы ыр жаздырыптыр, клип тарттырыптыр деп өзүм да атаандашпайм. Өз оокатым менен алектенип колумдан келишинче ырдап, клип тарттырып коём. Ар бир ырчынын өз деңгээлине жараша күйөрманы, угарманы бар. Меники дагы жок эмес.

Маектешкен: Сезим Мураталиева

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: