Menu

Вице-мэр Виктория Мозгачева: “Пандемияда балдарды коргоо баарынан жогору”

Бөлүшүү:

Социалдык саясат боюнча калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева мектеп жана бала бакчалардын, оорукана жана поликлиникалардын кыш мезгилине жана сасык тумоо, КОВИД-19 ооруларынын күчөшүнө карата даярдыктарын текшерүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Вице-мэр Бишкектеги №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасын текшерди. Анда имараттын ичин: палаталарын, операциялык, процедуралык жана техникалык кабинеттерин, оорукананын кире беришиндеги чуңкурларды жамоо иштери текшерилди.

Виктория Андреевна оорукананын эффективдүү ишмердүүлүгү үчүн материалдык камсыздоо, дарыгерлердин коопсуз иш шартын түзүү (коргонуу каражаттары, дары-дармектер) боюнча маселелерге токтолуп, ар кандай кырдаалга даяр болууга тапшырма берди.

Оорукананын башкы дарыгери Гүлнар Жанабилованын айтуусу боюнча, күз-кыш мезгилине оорукана толугу менен даяр, ал эми вице-мэр операциялык жана экинчи блоктун чатырын оңдоого көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Вице-мэрдин бул багыттагы текшерүүсү улантылууда.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: