Menu

“Төө куштун позициясы”

Бөлүшүү:

Жыл сайын өкмөт алмаштыруу өнөкөтү болот, быйыл да уланды. 2010-жылдан бери санаганда (Р.Отунбаева, А.Атамбаев, Ө.Бабанов, Ж.Сатыбалдиев, Ж.Оторбаев, Т.Сариев) жетинчи премьер-министр дайындалууда. КСДП сунуштаган Сооронбай Жээнбековду Жогорку Кеңештеги 6 фракция түгөл колдоого алганына караганда, талапкердин шайланаарына шектенген деле киши калбай, иниси Асылбек Жээнбеков ЖКнын төрагалыгынан өз эрки менен баш тартып, отставкага кетти.

Оппозиция сымал “Республика – Ата Журт” менен “Бир Бол” фракцияларынын альтернативдүү кандидат сунуштай албай калганы алардын анык жүзүн көргөзүп, айдама, жанбагар, жасалма оппозиция экенин дагы бир жолу тастыктады. Албетте, Алмазбек Атамбаевдин аркасы менен Сооронбай мырза “кыйналбай-кысталбай”, эч тоскоолсуз, жүз пайыз колдоо менен бир да каршы, калыс жок премьерликке барып отуруп калды. Президент да бекеринен Сооронбай  Жээнбековдун талапкерлигине токтолгон жок. Алдыда келе жаткан президенттик шайлоо алдында өтө ишенимдүү адамды дайындоо кажет болуп, баардык талаптарга “ушу киши” дал келгенин айтышууда. Соке дос, КСДПнын ветераны, түштүктөгү көзгө басары, мамлекеттик кызматтардын баардык тепкичтерин басып өткөн, тажрыйбасы мол жагынан туура келгенден тышкары, эң ишенимдүү, сатпайт, арттан “суу куйбайт” деген сапаттары баардыгынан анын талапкерлиги негизги ролду ойногону айтылууда. Айтор, аткаруу бийлигин алмаштыруу

“камырдан кыл суургандай” кынтыксыз ишке ашырылышы президенттик  институттун таасири күч экенин, альтернативалык үн жок экенин көргөзүп койду. Ошентип, өкмөттөгү устукандар тартылып бүтүп, эми спикерлик талашка түштү. Башында КСДП фракция лидери Чыныбай Турсунбеков менен КСДПнын дагы бир ветеран депутаты Иса Өмүркуловдун аттары айтылып келсе, кечээги президент менен башкаруучу коалиция лидерлеринин жолугушуусунан кийин “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдердин аттары аталып бүтпөй жатып, эки баатыр буйдалбай шымалана баштады.

Таң атпай Канатбек Исаевге каршы кара пиар башталып, “ал жарабайт, тендер чатагына аралашып, премьер-министр Темир Сариевди кулатууга катышкан, коомчулук “атайын кызмат алуу үчүн жүгүргөн” деп түшүнөт, Канаттын шайланганы этикага жатпайт” деген кептер таратылууда. Ага жооп иретинде, “Кудай урбадыбы, мамлекет кыйналып жатканда коррупция боюнча чуу чыгып жатса, унчукпай жатышы керек беле? Мамлекет башына так ушундай кайдыгер эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн тикесинен тик тура-турган, өткүр жаштар керек. Баарына макул болгондорго тоюп, азабын тартып бүттүк го. Бакыт Төрөбаев деле жаш, өсүп келе жаткан кадр, бирок, ал жоош, жүүнү бош, кылтыйып, “төө куштун позициясын” карманган неме, далай ирет өнөктөштөрүн сатып кеткен, “Каркыраны казактарга берилсин” деп добуш берген, улуттук кызыкчылык үчүн туруп бере албайт, ал жарабайт” деп жооп беришүүдө.

Фракция лидерлери менен жолугушууда Алмазбек Атамбаевдин: “Премьер Оштон болуп атат, мен да түштүктөн, Баткенден болуп атам (санжырасын боюнча түпкү теги Баткенден келген кыргыз экенин тарыхчылар тактаганынан улам айтса керек), регионалдык балансты карабасак болбойт, баары түштүктөн болуп калса,эл кандай карайт, андыктан, спикер түндүктөн болсун, Канат Исаевди колдоп коелу” дегенсиген маанидеги сөзүнөн кийин ошол жыйынга катышкан коалициялаш Бакыт Төрөбаевдин альтернатива болуп чыгышы көпчүлүк үчүн табышмакка айланып, ар кандай пикирлер жайнап кетти.

Бири, “президенттин сөзүнөн кийин Бакыт тынч калбай, альтернатива болуп жатканына караганда аппараттан бирөө-жарымы козутканго-оо?” дешсе, экинчиси, “жо-оок ай, “президент чыкпа” десе Бакыт чыкмак эмес, дароо өчмөк, андай кесе айтылбагандан кийин чыгып атат да, аппараттагылар деле, премьер атаандашсыз кеткенден кийин демократиялык нормалар сакталышы керек, спикер альтернативалык жол менен шайлануусу керек дегенди туура көрүп жатат, президент ачык колдоп жаткандан кийин Канат эле өтөт, башкаруучу коалиция (“Өнүгүүдөн” башкасы) менен “Бир Бол” колдосо, “Республика – Ата Журт” менен “Өнүгүүдөгү” “сойкулар” колдосо, добуш ашып түшөт” дешүүдө. “Тымызын регионалистер менен иштеп, акчага сатып алууну көздөп жаткан Бакыттын да бир билгени бар” дегендер да жок эмес.

“Экөөнү тең өткөрбөйт, ушундай маанилүү кызматты президенттик шайлоо алдында тобокелге салып, “багыңардан көргүлө” деп, улак тартыштын эрежеси менен берип койбойт, ажонун бир билгени бар” дегендер да четтен чыгууда. Алардын айтымында, мындай планды ишке ашыруу текейден арзан. Парламенттеги жеңил-желпи оппозициябызга, “талапкер чыгарбагыла, каршы болуп койгула” десе эле, иш бүттү да. Башкаруучу коалициянын добуштарын экөө  35-37ден бөлүп алып, экөө тең өтпөй калышы ажеп эмес. “Көбүрөөк добуш алган эки талапкер экинчи турга чыксын” дейин десең, булар экөө эле болуп атпайбы.

Эмне үчүн оппозиция жымыйып унчукпайт? Эмне үчүн үчүнчү талапкер жок? Демек, экинчи тур болбойт. Жаңы шайлоо болот. “Кайра шайлоого мурункулар катышпайт” дегендердики да ишенимдүүдөй угулат. Андай болсо эмне дейсиң? Кимге таарынасың? “Ким болбосун, багыңан көр” дейт да. Туурабы?  “Дымагыңар күч, президент болом дейсиңер, рейтингиңер төмөн экенин көрдүңөрбү, жылкыңарга ченеп ышкырып жүргүлө, капа болбогула, жашсыңар, силердики алдыда” деп, президенттик шайлоо алдында жаштарды орду-ордуна коюп койсо кандай болот? Керек болсо, “эл менен иштешип, рейтингиңерди көтөргүлө, өкмөткө барып иштегиле, айыл чарбасын моюнга алгансың, тиги министриң тарта албай жатат, өзүң бар!” десе, моюн толгогонго Бакыттын духу,

дарманы келеби? Мындай суроо берилсе, “коркуп, шылкыйып, айдаган жакка басып берет да” дегендер арбын экени талашсыз. “Анан, айгырсыз калган үйүрдү чоң айгырдын үйүрүнө имерип албай жаны жокпу?” дегендер андан көп!

Булак: “Азия news

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: