Menu

Президентке кайрылуу: “Кадыров менен Асановду баш кесер Батукаевден дагы жаман кылышты…”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Ы.Жолдубаевага

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына

К а й р ы л у у

    Сиздерге биз калыстыкты, чындыкты издеп кайрылып жатабыз, элдик жигит Кубанычбек Кадыров жөнүндө өз оюбузду  билдирип койсокпу деген ниетте болуп жатабыз, акыркы күндөрү массалык-маалымат каражаттарына (өзгөчө КТРКда) Кубанычбек жөнүндө өтө жат терс мааниде, байма-бай телеберүүлөр, макалалар жарыяланып чыгып жатканы, бизди өтө жииркентип, тынсыздандырып жатат, баш кесер Батукаевден дагы жаман кылышты го. Эми телефон аркылуу сүйлөшүп же жөн эле отуруп сүйлөшүп койгону үчүн эле камап коюшса, анда мамлекетибизде адам калбай калат го. Учурунда Алмазбек Шаршенович оппозицияда жүргөндө “бакиевдердин бийлигине каршы кетмен көтөрүп чыккыла” деп, керек болсо  мындан да жаман сөздөрдү айтып жүрчү эмес беле, анда бакиевдер деле камап койсо жарашмак. “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү” көрүптүр дегендей эле болду.  Эми бир сөз, болгону сөз үчүн камап койгондору бул Исмаил Исакович айткандай “адамгерчилике дагы, эч бир мыйзамга дагы туура келбейт”.  Сүйлөшүүлөрү монтаж экендигин, биз эле эмес Бекназаров баштаган бир топ саясатчылар, коомчулук айтып жатышат го. Эгерде Кубанычбектин күнөөсү болсо, далилденсе, анда эмне себептен камакта болгону үчөө гана отурушат, анда чогулуп, бийликти күч менен басып алабыз деген саясатчыларды, ошол окуяга тийиштүү адамдардын баарын эбак эле камаш керек эле да, же революцияны жалгыз эле Кубаныч менен Асанов кылганы жатыптырбы? Революция кылыш бул оңой иш эмес, сиздер жакшы билгендей, революция кылыш үчүн биринчиден өтө чоң каражаттар сарпталаары шарт, экинчиден эл колдош керек дегендей. Ошол акчалар бар бекен, УКМК табышыптырбы, жанагы сүйлөшүп жатышканда, “элдерге акча таратат экен” деген сөздөр болуп жатат, анда бир аз күтүп туруп эле, акча курал берип жатканда, кармаш керек эле да, Бакиевтердин бир жакшы жери, алар провокацияларды жакшы уюштурушчу, “Обондорго” жакшы акчаларды дагы төлөп беришчү. Жок дегенде ошолордой кылып бир провокация уюштуруп коюш керек эле, бир администрацияны басып талкалап дегендей, ошондо эл ишенмек. Анан булардын колунда же ташы болбосо, же бир союлу болбосо, же бир акимитатты басып алышпаса, дагы бир жолу айтсак, бул жөн эле сөз. Эгерде элдерге миллиондор таркатылып, чынында революция боло турган болсо, анда эмдигиче жер-жерлерде митингдер башталып, акимиаттар басылып, 2010-жылдагыдай окуя болуп кетпейт беле? Бул жерде жөн жерден эле каралоо, саясий куугунтук болуп жатабы деген ойдо болуп жатабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: