Menu

Өзбекстандагы президенттик шайлоо маалында өлкө чек аралары ачык болот

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоо маалында Өзбекстандын чек аралары ачык болуп, адамдардын өлкөгө кирип чыгуусунда эч кандай чектөөлөр болбойт. Бул тууралуу жергиликтүү ММКларга Өзбекстандын юстиция министри Музраф Икрамов билдирди.

Буга чейин өзбек жарандарынын көбү башка мамлекеттик майрамдар белгиленген учурлар сыңары добуш берүү күнү коопсуздук үчүн чек аралар жабылабы деп тынчсызданууларын билдирип келишкен.

Мындан улам өлкөнүн юстиция министри шайлоо күнү чек араларда эч кандай чектөөлөр болбой тургандыгын маалымдады. 3-4-декабрь күндөрү жарандар Өзбекстандын чек арасынан кадимкидей эле өтө алышат.

Ушул жекшемби, 4-декабрда Өзбекстанда президенттик шайлоо өтөт. Президентти шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, шайлоо күнү жашаган жеринде добуш берүү мүмкүндүгү жок адамдар алдын ала добуш берүү укугуна ээ. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү шайлоого он күн калганда башталып, добуш берүү күнү аяктайт. БШКнын маалыматына караганда, 29-ноябрга карата өлкө боюнча жалпысынан 53 501 адам добуш берди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: