Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында түшкө чейин спикерди шайлоо түйшүгү менен түйшөлүп жүрүп, бирок иштеринен майнап чыккан жок. Төрага шайланбады. Эки талапкер тең жетиштүү добуш топтой алган жок. Анан “башчы” жок болгондуктан жыйынды токтонуп, фракцияларда иштөөнү чечишти. Мындай сунушту КСДПнын өкүлү Рыскелди Момбеков киргизди.
“Парламенттин төрагасы жок болгондуктан бүгүн танапис жарыялайлы. Эмки жумада төраганы шайлоо үчүн азыр фракциялар талапкерлерин жылдыра баштасын”, – деди эле депутаттар жапырт колдоп беришти. Ошентип фракциялар бүгүндөн баштап өз талапкерлерин тандоого киришти.
Эске салсак, бүгүн депутаттардын элегине салынган «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев 51/51 добуш алып жарыштан четтетилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ