Menu

Сузакта камакта отурган 2 адам нааразычылык иретинде өз курсактарын жарышкан

Бөлүшүү:

Сузак районунун убактылуу кармоочу жайында милиция тарабынан ур-токмокко алынган 18 адам арызданды. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Жалал-Абад облусундагы өкүлү Алишер Эрматов журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, буга чейин тергөөдө жүргөн эки адам сот залында курсактарын жарышкан. Айыпталуучулар райондук соттун чечимине нааразы болушкан. Камактагылардын айтымында, тинтүү учурунда аларды атайын күчтөрдүн жоокерлери сабап кетишкен.

“Атайын күчтөрдүн жоокерлери камактагылар саюучу-кесүүчү буюмдарды кайдан алышканын аныкташ үчүн тинтүү жүргүзүшкөн. Тинтүү учурунда, башка айыпталуучулардын айтымында, алар катуу сабалган. Учурда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында 19 адам кармалып, алардын ичинен 18 адам кыйноо боюнча арыз менен УКМКнын өкүлүнө кайрылышкан. Аларды текшерген учурунда жети адамдын денесинен гематомалар табылган. Бардык дене жаракаттары Стамбул протоколу боюнча жазылды. Биз прокуратурага кайрылууга ниеттенип жатабыз” – деп билдирди Алишер Эрматов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: