Menu

Доцент Назгүл Турдубаева калпычыбы?

Бөлүшүү:

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Назгүл Турдубаева деген бар. Ошол доцент 19-мартта Октябрь райондук сотунда болгон процесстин жүрүшүндө «Аслан Сартбаев сотторду сатып алам деп айткан» деп калпты шыпыртып, жанын жептир. Фактысы, далили жок эле кызылдай калп айткан доценттин моралдык жүзү бизди таңкалтырды. Илимдүү, билимдүү деген доцент ушинтип айтпаган сөздү «айтты» деп, жалаа жаап отурса башкалар каякка барат?

Көрсө, каратып туруп танып кетмей, калп айтмай Назгүл Турдубаева үчүн өнөкөткө айланыптыр. Гезитибиз жазган 2018-жылдын 29-июнунда өткөн кыргыз филология факультетинин окумуштуулар кеңешинде Н.Турдубаева «Манас таануу предмети боюнча типтүү окуу программасы жок» деп отчет берген. Кафедра мүчөлөрү«университеттин ОМКсы бекиткен типтүү программа бар» деп айтышса болбой, «жок эле, жок» деп танып, аксымданып калп айтыптыр. Сотко жазган арызында болсо «кафедрада орус тилинде лекцияны окуган мугалим жок болуп, орус тилиндеги группаларды мага бөлүштүргөн, ошол себептен менин саатым 2 ставка болгон» деп жазат. Суроо туулат, анда доцент С.Карымшаков, окутуучу Ж.Бейшеева орусча лекция окуй алышчу эмес беле, же орусча да, кыргызча да лекция окуй алышпагандыктан доцент Б.Баймырзаев, улук окутуучу М.Сатыбековдорго 0,75 окуу жүгү бөлүнгөнбү? Ошол эле арызында «мен эң алдыңкы студенттердин бири болчумун» деп жазат. Териштире келсек, Н.Турдубаеванын зачеткасында «4», «5» аралаш экен, эң негизгиси мамлекеттик экзаменди «4кө» тапшырыптыр, дипломдук ишин да «4кө» коргоптур. Анан кантип ал «эң алдыңкы» студент болот? Анын курсунда ондон ашык студент жалаң «5ке» окуп, кызыл диплом алышыптыр. Өзүн ошолордун катарына кошом деп, бул жерден да Турдубаеванын калпы кармалып жатат. Ошол арызында «К.Даутов менен К.Артыкбаевдин кандай мамиледе болгону менен менин кандай ишим бар?» деп эч нерсе көрбөгөн, билбеген, укпаган киши болуп жазыптыр. Анда эмне үчүн К.Даутов тескери батасын берип, «Н.Турдубаева да, дипломчусу да тема боюнча эч нерсе билбейт, түшүнбөйт» деп жазып жатат? Даутов Артыкбаев өлгөндөн кийин да асылганын койбой, бул маселе университетте каралып, ага К.Артыкбаевдин аспиранты катары катышканын Турдубаева унутуп калдыбы? Анан калса, бул окуялар баланын үйүндө, бапанын алачыгында эмес, университетте болгон. Окуган курсунда көптүн бири болгон студент Н.Турдубаеваны аспирантурага алып, өзүнүн көзөмөлүндө кеңеши менен диссертациясын жаздырып, корготуп, кийин кафедрасына ишке алган жетекчиси К.Артыкбаевдин сөөк өчтү душманы К.Даутов менен ээрчишип, акылдашып, «бир команда» болуп жүргөнү элдин баарына белгилүү экенин Н.Турдубаева билбейби? Ошол үчүн бекеринен «укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп уруу кылба» деп айтылган эмес да.

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: