Жаз, күз кыргыз коомчулугун эриктирбеген жаңылыктарга, ар кандай саясый жүрүштөргө бай болот. Маселен оппозициянын от алышы, бийликке айбат көрсөтүшкөнү элдин көңүл борборунда болуп, жыйынтыгында, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков камалса, Дастан Сарыгулов үй түрмөсүнө байланды. Ошентип, бийликке каршылык көрсөткөндөр суюлгансып турат…
Бирок, журналисттер жаатында айбаттуу түрдө Акүйгө каршылык көрсөткөндөр жок эмес. Маселен, Бегалы Наргозуев, Замира Сыдыкова, Адиль Турдукулов, Адилет Айтикеев, Дайыр Орунбеков, Аскат Тейит ж.б. калемгерлер ЖМКларда жана интернет түйүндөрүндө так түйүлүшө иштешүүдө. Мунун өзү Кыргызстанда сөз эркиндигинин бар экени, Борбор Азия өлкөлөрүнөн айырмаланганыбыздын айгинесин көрсөтүп турат. Эң алды сөз эркиндиги болсо, мамлекеттин өнүгүшүнө, демократиянын жанданышына өбөлгө түзүлөт.
Кызыгы, жогорудагы камалган саясатчылардан соң, оппозиция жааты артка чегинүү жасап, баштагыдай дымактуу билдирүүлөрү угулбай калды. Себеби, коркуу сезими күчөдү, ошого катар радикалдардын каржылык булагы какшыгандай…
Негизи конструктивдүү оппозиция коомчулук алдында ар дайым бийликти ынанымдуу негиздер менен сындап, кандайдыр бир реалдуу сунуштарын көрсөтүп турушса, мамлекеттин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүшөт эле. Тескерисинче, ооздору жабылуунун өзү коркунучтуу. Мындай шартта парламенттеги «Республика-Ата Журт», «Бир Бол» сыяктуу оппозициялык фракциялар президент Алмазбек Атамбаевдин көзү менен тең айлангандай шартка кептелгени эмнени билдирет? Мына, премьер-министр менен спикерди шайлоого «Республика-Ата Журт», «Бир Бол» дагы альтернатива катары кандидаттарын чыгара алышпай, демократия жана парламенттаризмдин өнүгүшүнө залакасын тийгизгендей кадамга барышты. Ал эми бийлик курамын түзгөн, көпчүлүк коалициядагы СДПК, «Кыргызстан», «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары өздөрүнүн жолу менен кетүүдө. Булардын ичинен «Кыргызстандын» лидери Канатбек Исаев мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин тендерге байланышкан коррупцияга шектүү ишин коомчулукка ачыктап, өлкөнүн өнүгүшү үчүн чоң иш жасады. Эми ал чуулгандуу тендердин иши күч органдары тарабынан кандай тергелет? Бул жагынан саресеп салып турмакчыбыз…
Баса, быйыл жаз эрте келди эле, көчө оппозициясынын нааразычылыгы да эртелей тынчыды. Камактагы К.Кадыров, Б.Асановдун жакындары пресса аркылуу улам-улам бийликке чабуул жасап турары белгилүү. А оор салмактуу ой айта турган саясый элита дымып, бийликке карата сунуш, ой-пикирин айтууга диттери барбай турушат. Парламенттеги РАЖ менен «Бир Болдун» ахвалы кейиштүү, жалтанып калышкандай, омоктуу ойлорун укпадык. Мындай «жымжырттыктын» аягы жакшылык менен бүтөбү?..
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ