КСДП фракциясынын бүгүн, 22-апрелде өткөн кезектеги жыйынында Жогорку Кеңешинин төрагасы кызмат ордуна фракциянын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин «Республика – Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов төрагалыкка Чыныбай Турсунбековдун талапкерлиги көрсөтүлсө, аны өзү жетектеген фракция мүчөлөрү колдой турганын билдирген эле.
Эске салсак, 2016-жылдын 13-апрелинде Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Ал эми 20-апрелде өткөн шайлоодо талапкерлер Канатбек Исаев («Кыргызстан» фракциясы) менен Бакыт Төрөбаев («Өнүгүү – Прогресс» фракциясы) теӊ чыгып калгандыктан, парламент жаӊы талапкерлер менен жаӊы шайлоо өткөрүү чечимине келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ