Menu

Кыргыз тилинде бир нече жаңы китептер чыгарылды

Бөлүшүү:

Китеп сүйүүчүлөр үчүн президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Кыргызстанда 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык “Азыркы адабият”, “Дүйнөлүк адабият” жана “Дүбүрт” серияларынын алкагында бир нече китептерди чыгарды.

“Азыркы адабият” сериясынын алкагында адабият айдыңында салмактуу ордулары бар акын-жазуучулардын китептери жарыкка чыкты. Алсак, Сагын Акматбекованын «Жандептер», Төлөгөн Мамеевдин “Жан дүйнө жаңырыгы”, Тойчубай Субанбековдун «Төө комдоттун уясында», Мелис Абакировдун “О, опаасыз, опаасыз дүйнө”, Мурза Гапаровдун “Тандалмалары” сыктуу баалуу китептер, ошондой эле Эгемберди Эрматовдун “Исфайрам аваздары” аттуу ыр жыйнагы уйгур тилинде, Ашым Жакыпбековдун «Лунная ведьма» («Айдагы жезкемпир») аттуу китеби орус тилинде жана ар муундун өкүлдөрүнөн турган 17 автордун аңгемелеринин топтому «Рассказы» деген аталышта жарык көрдү (котормочусу Таалайбек Осмонов).

Ал эми  “Дүбүрт” сериясынын алкагында Иманбек Азизилла уулунун «Бүтпөгөн ырлар», Шайырбек Тагаевдин “Дүйнө сенин кучагыңдай кең эмес”, Умар Нусубалиевдин “Улуу тилегим”, Лира Камчыбекованын “Кыялымда кыйбасым” жыйнактары, Насыпбек Асанбаевдин “Дудук” аттуу чакан повести жана Кубанычбек Аркабаевдин «Суунун сурагы» аттуу китеби чыгарылды.

Ошондой эле, “Дүйнөлүк адабият” сериясынын алкагында түрк элинин улуу акыны, дүйнө элине ысымы белгилүү болгон  Назым Хикметтин “Мажүрүм тал” ырлар жыйнагы экинчи ирет, белгилүү француз жазуучусу Антуан де Сент-Экзюперинин Салижан Жигитовдун котормосундагы “Кичинекей Ханзада” повести, дүйнөлүк адабиятта көрүнүктүү орду бар америкалык белгилүү жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Уильям Фолкнердин аңгемелер жыйнагы (котормочу Э.Отунчиев), Американын дүйнөгө белгилүү жазуучусу Эрнест Хемингуейдин аны дүйнөгө атагын чыгарган, Нобель сыйлыгын алууга өбөлгө болгон “Чал жана деңиз” повести (котормочу М.Токтомушев) жана америкалык белгилүү акын Уолт Уитмендин “Жалбырактар” аттуу ыр жыйнагы (котормочу С.Эралиев) жарыкка чыкты. Китептер 500 нускадан чыгарылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: