Menu

Калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн 38 бирдик атайын техника ишке тартылган

Бөлүшүү:

Калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн 38 бирдик атайын техника ишке тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, болжол менен көчөлөргө 419 тонна техникалык туз себилген.

“Бүгүнкү күндө жол тейлөө бөлүмүнүн 26 кызматкери 38 бирдик атайын техниканы тартуу менен иш алып барышат: МАЗдын базасында 25 кар тазалоочу унаа, 4 универсалдуу УКМ унаасы, 5 “Беларусь” кичи трактору, 2 жүк ташуучу ЗИЛ-130 жана 2 фронталдык жүктөгүч ишке тартылган.

Бишкек шаарында штаттык режимде калааны тазалоо үчүн  665 короо шыпыргыч, 121 жүктөгүч, жол тейлөө бөлүмүнүн  кызматкерлери жана таштанды чыгаруу боюнча 100 адамдан турган бригада иштеп жатышат.

Шаарды муздан, кардан тазалоо тынымсыз уланат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: