Menu

Эрнис Кыязов: “Азыр Майрам, Айдар Акаевдер, Максим, Жаныш Бакиевдер жок болгону менен Алмаз Атамбаев деген азаматыбыз килтейген драконого айланды”

Бөлүшүү:

Эмне үчүн биздин бийлик жана коом Кыргызстанда демократия, сөз эркиндиги Өзбекстан, Казакстан, Туркмөнстан, Тажикстан мамлекеттерине салыштырмалуу кыйла алдыда экенин айтып дал мына ушул авторитардык өлкөлөрдү гана мисал кыла беришет? Эмне,.. демократиянын, сөз эркиндигинин салмагын, өлчөмүн аныктоо үчүн ошол өлкөлөрдүн кандай “мокочо” экенин кайра-кайра айтып жүрүп олтуруу кыйла ынгайлуубу? Башында Атамбаев турган 2010-жылдагы “революция” болбогондо, азыр канкор Бакиевдин уулу Максим, иниси Жаныш экөө эркин сүйлөгүсү келгендерди, журналисттерди ит аткандай эле атып кетишмектигин айткандар да көбөйдү,.. демек өлкөдөгү саясий системанын денгээлин айтуу үчүн сөзсүз Жаныш менен Максимди алдыга мисал кылып сунуу керек экен да? Жогоруда айтылып өткөндөр башкы суроо эмес, башкы суроо – 1991-жылы Акаев президент болгондон кийинки алгачкы жылдардагыдай эркиндиктин демин, 2005-жылы Бакиев президент болгондон кийинки алгачкы жылдардагыдай демократияны, 2010-жылы Атамбаевдер бийликке келген алгачкы жылдардагыдай ачык-айкындуулукту жоготуп алып таппай жүргөндүгүбүздө болуп жүрбөсүн? Маселе Акаев, Бакиев, Атамбаевдин президент болгон алгачкы маалындагы демократия менен президент болуп “эшек ылайдан өткөндөн” кийинки демократиянын айырмасы өтө (!) чоң экендигинде эмеспи? Ооба азыр Майрам Акаева, Айдар Акаев, Жаныш Бакиев, Максим Бакиевдер жок экен, бирок азыр жасалма “парламентаризмдин” терисин жамынып алган Атамбаев деген азаматыбыз деле билинбей олтуруп килтейген эле драконго айланып калгандыгын эмнеге моюнуга алгыбыз келбейт? Жасап жаткан ишинен айрылып калбоо үчүн учурда мамлекеттик мекемеде иштеген кызматкерлерлерден тартып жеке ишкердик кылган ишкер-бизнесмендер да бийлик менен чатакташпоонун аргасы менен жашап жатышканы калппы? Азыркыдан ашыкча демократия болбойт, ушул жетишкендиктин баарында Атамбаевдин салымы эбегейсиз деген ураалаган ода мейли улана берсин дейли, бирок парламент да, өкмөт да, соттор да, күч структуралары да,(“черныйлар” да), жеке жана мамлекеттик ММКлар да, а түгүл кичине каяша кылып бийликке сөз кайтарган көчөдөгү эргежээл-оппозиция да бийликтин тырмагынын ченгээлинде калганы кооптуу эмеспи? Мамлекеттик чогулуштарда, жыйындарда, кеңешмелерде, докладдарда, симпозиумдарда “бийлик туура эле баратканын” айтууга аргасыз болуп, үйгө келгенде, кошуна, дос-чар, тааныштар менен олтуруп калганда көкүрөгүндөгү чындыкты агынан жарылып “..бу бийлик деле болбой калганын, а түгүл айрым жоруктары жагынан мурункулардан да ашып түшкөнүн” айтып нааразы болгон шыбыр сөздөр көмүскө улана бергени жакшыбы ? Көзгө көрүнүп турган чындыктарды аянтка барып, ак үйгө барып, КТРге барып ачык айтып чыгууга мүмкүн болбой калып, мамлекеттик үгүт машинасынын оозу менен оппозиция “бир ууч эл бузарларга” айландырылып, бийликтин кемчиликтери тике, түз, ачык айтылбастан үй-үйлөрдө, көмүскө, туюк жерлерде шыбыралып-гүбүрөлүп калгандыктын аягы жаман болоору, ал нерсе топтолуп олтуруп бир жарылганда катуу жарылаарын 2005-2010 жылдары көргөндөй деле болдук эле… “…эми ушулар да мага теңби, ушулар да оппозициябы???” деген тариздеги текеберчилик оорусу менен Акаев да, Бакиев да ооруду эле, ал илдет азыркы президентке да жуккан көрүнөт. Бийликке кантип сын айтуу туура, кандай сындоо туура эмес, кандай оппозиция жакшы, кандай оппозиция жаман экенин аныктап туруп, ошол дөдөй критерийдин негизинде өзүн өзү баалаткан бийликти “парламенттик” же “демократиялык” деп атоонун өзү туурабы?
Эрнис Кыязов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: