Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Атамбаевдин төрт жарлыгы КР жарандыгына 645 адамды кабыл алуу тууралуу чыкты. Алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар – тарыхий мекенине кайтып келген Өзбекстан жана Тажикстандын мурдагы жарандары.
Ошондой эле президенттин дагы бир жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 517 адам чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ