Menu

Жаңы башбакан Жээнбеков министрлерге жинин көрсөттү

Бөлүшүү:

Сыртынан кой оозунан чөп албагандай момун көрүнгөнү менен жаңы шайланган премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун дагы ачуусу бир топ экен. Мунусун ал кечээ өкмөт жыйынында көрсөттү. Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабыр Атажанов докладын онтолоп он беш мүнөттөн ашык окуганына жиндеген Жээнбеков байкушту катуу зекиди. “Сиз деген министрсиз, даярданып келишиңиз керек эле. Ашыкча убакты алып, тартипти бузуп жатасыз”, – деди эле Атажанов “сиз сааты туура эмес карап алдыңыз окшойт” деп тил кайрый коюп, “шефинин” катуу жемесине калды.

“Сен менин көзүмө сайба. Мен сааты карап отурам. Бул жерге келип алып клоун болбой, жакшылап даярданбайсыңбы”, – деди жаны кейиген башбакан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: