Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышында “Ата Журт” фракциясынын активдүү депутаты болгон Жылдыз Жолдошова бүгүнкү күндө Кыргызстанды каптап бара жаткан СДПК деген “вирустун” коркунучу, анын мамлекеттүүлүккө тийгизе турган зыяндары тууралуу үн катып, ага каршы турууга чакырык таштады. Төмөндө Жылдыз Жолдошованын кайрылуусу өзгөртүлбөй берилди.
“Президент, премьр-министр, Жогорку Кенештин төрагасы бир гана СДПК партиясынан боло турган болсо, анда бул кадамды “бийликти узурпациялашты” деп кабыл алыш керек. Бийликти узурпациялоо өзү мыйзам чегинде жазаланууга тийиш. Узурпация – бул төңкөрүштүн бир түрү. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, силер өлкөбүздө демократиянын кыйроосуна жол бербегиле. Эгерде парламент, мындай мыйзамсыз кадамга жол берсе, анда президент А. Атамбаев токтотушу зарыл. Президент өлкөгө зыян алып келе турган үй-бүлөлүк кландан, партиялык кландын башкаруусуна жол ачса, анда мамлекетибиздин тагдырына кайдыгер эмес, бүт саясий партияларды, күчтүү саясатчыларды, өкмөттүк эмес уюмдарды биригүүгө чакырам. Кеч боло электе республикабызда бийлик тарабынан болуп жаткан мыйзамсыз, мамлекеттүүлүккө сокку ура турган кадамдарына каршы туралы. Намыска келбейлиби, урматтуу саясатчы мырза жигиттер!”
Сиздерди урматтоо менен Жылдыз Жолдошова, Турция.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ